Олешки операциясынын жыйынтыгы Ак үйдө талкууланат

Олешкиден эвакуация болгондор жакындары менен жолугушууда. 2026-жылдын 31-октябры.

5-ноябрда АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп Ак үйдө Украина жана Орусия өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрөт. Эки тарап тең Украинанын Херсон облусунун түштүгүндөгү Олешки шаарындагы атышпоо режимине арналган бул жолугушууга катышарын ырасташты.

Мелания Трамп Орусия көзөмөлдөгөн Олешкиде 27-октябрдан 2-ноябрга чейинки атышпай туруу келишимине жетишүүгө көмөктөшкөнүн айтып, анын аркасында гуманитардык жардам жеткирилип, жайкын тургундарды коопсуз аймактарга эвакуациялоо мүмкүн болгонун билдирген.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун булактарынын маалыматына караганда, Украина тараптан президент Владимир Зеленскийдин “Эл кызматчысы” фракциясынын башчысы Давид Арахамия жана адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Дмитрий Лубинец катышат. Орусиядан Кремлдин атайын өкүлү, Орусиянын түз инвестициялар фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев жана балдардын укуктары боюнча өкүл Яна Лантратова барары күтүлүүдө.

Москва 3-ноябрда Орусия, Украина жана АКШнын катышуусундагы үч тараптуу сүйлөшүүлөр 10-11-ноябрда Абу-Дабиде өтөрүн ырастаган. Кремлдин маалыматына караганда, орус делегациясын Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт.

Олешкидеги гуманитардык абал акыркы айларда начарлап кеткен. Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига сентябрда шаардын айрым тургундары азык-түлүк, дары-дармек, таза суу жана электр энергиясы жетишсиз болгондуктан чөп-чар менен жан сактоого аргасыз болуп жатканын билдирген.

АКШнын Украинадагы мурдагы элчиси Уильям Тейлор Олешкидеги келишим тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн баштапкы кадам болушу мүмкүн экенин, бирок олуттуу жылыш Москва ок чыгарбай калганда гана мүмкүн болорун белгиледи.

Мындан тышкары, 4-ноябрда Брюсселде АКШ, Украина жана бир катар европалык өлкөлөрдүн өкүлдөрү тынчтык жараянын талкуулаганы жатат. Ал эми 9-10-ноябрда Франциянын Марсель шаарында өтө турган “Чоң жетинин” тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда да Украина маселеси негизги темалардын бири болмокчу.

Дагы караңыз

4-ноябрга караган түнү Кыргызстанда үч жолу жер титиредиМедербек Сатиев сот бийлиги ичинен тазаланарын айттыУКМКга сын-доомат Таласта да айтылды. Ташиев кеткенден бери кандай өзгөрүү болду?Жапаров “Газпром” милдеттерин аткарбаса Кумтөрдөй кылып "алып коёрун" эскерткенин айтты