Көпчүлүгү ишкердик жана бизнес менен алектендер менчик укугу тебеленип, мүлкүн алдырганын айтып жатышат.
Президент эл алдында айтылган ар бир ишти териштирүунү тапшыргандай болууда. Бирок ал канчалык ишке ашат жана реалдуу жыйынтык болобу? Күч түзүмдөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жабыкагандар чын эле акыйкаттыкка жетеби? Камчыбек Ташиев кызматтан алынган сегиз айдан бери коопсуздук кызматында эмне өзгөрүүлөр болду?
Президент 2-ноябрда Талас облусунда эл менен жолукканда да УКМКнын кызматкерлерине даттанган жарандар болду. Таластын тургуну Медер атайын кызматтын кызматкерлери аны коркутуп, мүлкүн тартып алганын, мындай аракетке каршы жазган арызы пайда бербегенин айтып даттанган.
“Түрмөгө 8-12 жылга киресиң, бийлик бизде, система бизбиз, ишеним кат бересиң же камаласың деп коркутуп, үйүмдү, контейнеримди жана машинамды тартып алышкан. Коопсуздук кызматынан чалууларды, коркутууларды телефонго тартып алып арыз жазгам. Бирок эч кандай иш жасалбай, мага басым кылышты. Кийин Башкы прокуратурага арыз жаздым. Алар буга чейин жокко чыгарылган ишти козгоп, мени 65 күнгө тергөө абагына киргизип салышты”.
Президент мындай форматтагы сапары менен төртүнчү облуска барды. Таластагы УКМКга байланыштуу айтылган дооматтар буга чейинки жолугушуулардын баарында эле көтөрүлүп келатат. Эл негизинен мүлкүн тарттырып жибергени, коркутуу, негизсиз камоо жана кыйноолор тууралуу ачык айтып жатышат.
Президенттин кеңешчиси Марат Иманкулов аймактарда айтылган көйгөйлөр эске алынат дейт.
“Президент өзү барып, өзү угуп жатпайбы. Бирөөдөн уккан жок, бирөө келип айткан жок. Президент айтылгандардын баарын эске алат болушу керек. Мамлекет башчыга анча-мынча маалымат жетпей калышы да мүмкүн. Кээде кадрлар ал айткандай кылбай коюшу да ыктымал. Ошол жерден “баягыда мындай деп тапшырма бербедим беле, эмнеге андай болгон жок” деп айтып жатпайбы. Ал жерде бир гана укук коргоо органдары эмес, бардык мамлекеттик органдарына тиешелүү эскертүүсүн берди. Ооба, мамлекет башчы атайын кызмат реформа болушу керек, алар жасалышы керек дебедиби. Азыр шайлоого байланыштуу иштер болуп жатпайбы. Шайлоодон кийин ошол иш башталса керек”.
УКМК кызматкерлерине карата жапырт даттануулар Камчыбек Ташиев быйыл февралда атайын кызматтын башчылыгынан кеткенден кийин айтыла баштады. Бийлик мындай алешемдикке жол берилгенин мойнуна алып, тиешеси бар кызматкерлерге чара көрүлүп жатканын айтып келет. Маселен, Башкы прокуратура ишкерлерден түшкөн ондогон арыздар каралып жатканын билдирген. Бул иштердин алкагында өткөн айда УКМКнын мурдагы төрага орун басары Курванбек Авазов менен Жалал-Абад облустук башкармалыктын башчысы болуп турган Каныбек Досмамбетовду кармалган.
Ташиев башкарып турган учурга карата айтылган сындарга жооп бере элек.
Талдоочулар УКМКнын тегерегиндеги олуттуу билдирүүлөр жана нааразылыктар боюнча сөз болгондо муну жалпы мамлекеттик түзүмдүн көйгөйү катары кароо керектигин, бийлик кыйналып калган элдин абалы үчүн биринчи кезекте өзү жоопкер экенин унутпашы керектигин белгилешет.
Коомдук ишмер Орозбек Молдалиев буларга токтолду:
“Эгер мурдагыдай парламенттик-президенттик башкаруу болсо, Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги болмок. Күч түзүмдөрүнө карата парламенттик көзөмөл болмок. Азыр да бар, бирок мурдагыдай эмес. Азыр президент бардык маселенин баарын өз көзөмөлүнө алган. Баарын өзү карайт, жетекчилерди өзү дайындайт. Ошол үчүн президенттик аппараттын тиешелүү бөлүмдөрү бул багытта иш жүргүзгөнбү же жүргүзгөн эмеспи деген суроо турат. Мунун тамырын тартып, кандай иш болуп жатканын көзөмөлдөп турушу керек эле”.
Июнь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев мыйзамсыз иштерге аралашкан деген негизде УКМКдан 96 кызматкер жумуштан четтетилип, 24үнө кылмыш иши козголгонун билдирген. Атайын кызматтын жаңы жетекчилиги реформа жүрөрүн айтып келет.
Президент Жапаров укук коргоо органдарын реформалоонун алкагында өзүнчө мекеме катары Тергөө комитети түзүлөрүн, бул иштер келерки жылы башталарын айткан.
Шерине