22-октябрда президент Садыр Жапаров Жалал-Абадда эл менен жолугушкан учурда Базар-Коргон районунун тургуну Жусупбек Закиров атайын кызматтын облустагы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Каныбек Досмамбетовго жана облустук прокуратуранын мурдагы башчыларына даттанды.
Ал 2023-жылы «Биримдик» деп аталган кооператив түзгөнүн билдирип, мүчөлөрү басымга кабылганын айтып чыкты.
“Ташиев кеткенге чейин да кайрылганбыз, бирок жыйынтык болгон жок. Алар ишти Аскер прокуратурасына жөнөтүп, ошону менен токтоп калган. Натыйжа чыкпагандыктан президентке чейин кайрылууга аргасыз болдук. Буга чейин менин тааныштарым, инилерим 1,5 млн сомдон 2,5 млн сомго чейин акча беришкен. Ал каражаттар мамлекеттин эсебине түшкөн эмес. Акчаны өз кызыкчылыгына жумшап, арасында автоунаа жана Бишкектен үй алгандар болгон”, - деди ал.
Жусупбек Закиров сөз кылган жарандардын бири Алишер Калатов да байланышканыбызда эч кандай негизсиз кармалып, 20 күндөн ашык камакта отурганын билдирди.
Анын айтымында, кийин миллион сомдон ашык каражат төлөп, ошондон кийин чыккан.
“Жусуп ага айтып жаткандардын бири менмин. Сейдикум айыл өкмөтүндө мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенебиз. Кармап алып барышканда эмнеге кармалганымды сурадым. Жооп беришкен жок. Кайра-кайра сурай бергенимде: «Алишер ака, сиз жакшы адам болгонсузбу, жаман адам болгонсузбу, бизди кызыктырбайт» дешти. Ошентип, 21 күн камап, жактоочумду киргизбей коюшту. Мага «бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгошту. Улакка чапкан бир атым бар эле. Жактоочум «ошону сатып бересиң» деди. Мен болсо сатпай, акырына чейин отурам дедим. Кийин апам ооруп калды. Айла жок тууган-уруктардан карыз сурап, үйдөгү малды сатып, 1 млн 150 миң сом алып барып бердим”.
Президент бул кайрылууну териштирүүнү тапшырды.
Манас шаарынын тургуну Гүлнур Назарбаева президент катышкан жыйынга бара албай калган. Анын айтымында, Каныбек Досмамбетов атайын кызматтын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгын жетектеп, Эрнисбек Ормоков шаар башчысы болуп турган кезде аны 80 сотыхтан ашык жерин жеке жактарга өткөрүп берүүгө мажбурлашкан.
“Ошол учурда УКМКнын облустагы жетекчиси Досмамбетов эле. Иш бөлмөсүнө мени чакырып, эл үчүн бересиз деп арыз жаздырып алып алды. Мамлекеттик каттоо кызматына мени чакырышып, Эрнис Ормоков деген шаардын башчысы өзү келди. Юристке киргизип, «генералдын кабары бар, документти өткөрөсүңөр» деди. Жеке эле адамга өткөрдү. Бир жыл ичинде ошол жерге жеке медициналык клиника курулду. Куруучулар «Шайырбек Ташиевдин клиникасы» деп айтышты.
Ишкерлер айыптап жаткан тараптардан комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок.
Жогоруда аты аталган Каныбек Досмамбетов, Шайырбек Ташиев, Эрнисбек Ормоков жана алардын жакындары айтылган дооматтар боюнча пикирин билдире элек.
Юрист Бакыт Борошев жарандардын президентке кайрылуулары адилеттүү чечилбей жатканын айтууда. Ал мындай фактыларды кароо үчүн атайын комиссия түзүлүшү керек деп эсептейт.
“Эгер ушул жол менен кете берсек, анда 90% адамдар адилеттүүлүккө жетпейт. Анткени УКМКнын ошол учурдагы тартипсиз заманындагы адамдар дагы деле кызматта отурушат. Мисалы, УКМК мыйзамсыз иш козгогон, прокуратура аны мыйзамсыз бекиткен, сот мыйзамсыз чечим чыгарган. Облустун прокурору дагы деле иштеп жатат. Ошол учурдагы тергөө судьясы азыр шаардык соттун төрагасы болуп калган. Президент азыр кайра эле ошолорго тапшырма берип жатат. Алар өздөрүн жоопкерчиликке алып барышпайт. Бул жерде көз карандысыз комиссия түзүлүшү керек. Бул комиссияга жарандык коомдон, юристтерден жана мамлекеттик органдардан өкүлдөр кириши керек деп эсептейм”.
УКМКны Камчыбек Ташиев башкарып турган учурда коррупцияга каршы күрөш деген жүйө менен мүлкүнөн же бизнесинен мыйзамсыз ажыратылганын айткан жүздөгөн адам ал кызматтан кеткенден кийин арызданып чыгышкан.
Ташиев болсо күнөөсү жок экенин айтып келет.
Буга чейин Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып ишкерлерден арыз түшсө укук коргоо органдарынын жетекчилери аны калыс текшерип, адилет чечим кабыл алышы керектигин айткан.
“«Жарымын өзүнө алып, жарымын мамлекетке өткөргөн» деген сөздөрдү да иликтеп көргүлө дедим. Ким жарымын чөнтөгүнө салып алган болсо, кайра мамлекетке өткөргүлө дедим. Акчасын, мүлкүн, бизнесин тарттырып жибергендер болсо, кайра кайтарып бергиле дедим. Азыр ошонун үстүндө иш жүрүп жатат. Ал эми мамлекетке өткөн мүлк жыл аягына чейин ревизиядан өтүп бүтөт. Ошондон кийин жыйынтыгын чыгарабыз”.
Ташиев кызматтан алынгандан кийин кадрдык алмашуулардын алкагында жүзгө жакын кызматкер жумуштан кетирилип, айрымдары камакка алынган. Жакында эле, 9-октябрда, УКМК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов менен ишкерлер атаган Каныбек Досмамбетов да кармалып, камакка алынды.
Башкы прокуратура буга байланыштуу видео менен коштолгон маалымат таратып, Аскер прокуратурасы коррупциялык көрүнүштөр боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө учурунда ишкердик субъекттеринен өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактыларын аныктаганын билдирген.
Шерине