Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:24

"ИИМдин тергөөчүсү өтүндү". Нурлан Сулайманов тергөө абагынан бошотулду

Нурлан Сулайманов. Архив сүрөт.
Нурлан Сулайманов. Архив сүрөт.

Кыргызстандын мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов 8-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулду. Ага чейин ал коррупция беренеси боюнча айыпталып кармалганы белгилүү болуп, эки айга камакка алынган эле.

ИИМдин эки күндө өзгөргөн өтүнүчү

Нурлан Сулаймановдун кармалышы анын айланасында жол тармагындагы таасири тууралуу көп жылдан бери уланып келген талаш-талкууну кайрадан козгоду.

Соттун маалыматында мурдагы министрдин бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү өзү кайрылганы айтылды. Белгилей кетсек, мындан үч күн мурда ушул эле мекеменин тергөөчүсү Сулаймановду 3-декабрга чейин камакка алуу өтүнүчүн берген.

Сот өтүнүчтү канааттандырып, ал Бишкектеги тергөө абагына (СИЗО-1) киргизилгени маалым болгон.

Азырынча Ички иштер министрлиги козголгон кылмыш ишинин чоо-жайын ачык жарыялай элек. Саясатчынын бөгөт чарасы эмне себептен чукул өзгөртүлгөнү тууралуу да комментарий азырынча жок.

Бул боюнча тергөөнүн жыйынтыгы чыкканда гана айтыларын "Азаттыкка" ИИМдин маалымат катчысы Султан Макилов билдирди.

Экс-министрдин адвокаты же жакындары да расмий жана толук маалымат бере элек.

Сулайманов иштин жагдайы боюнча маалымат берүүгө макул болбогонун адвокаты Марат Эшперов “Азаттыкка” маалымдады:

"Мен эч нерсе айта албайм. Анын макулдугу жок маалымат бере албайм. Биз башында ошентип сүйлөшкөнбүз".

Сулаймановго Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылганын 6-октябрда “Азаттыкка” Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлаган.

Анын аты укук коргоо органдарынын материалдарында буга чейин да аталып келген. Башкы прокуратура ага 2012-жылы жол куруу боюнча тендерлерди мыйзамсыз өткөргөн деген шек менен кылмыш ишин козгогон. Анда ал Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен чогуу Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын депутаты болчу.

Кийин депутаттык мандатын тапшырып, өлкөдөн чыгып кеткенине байланыштуу 2014-жылы издөө жарыяланган. Башкы прокуратура 2018-жылы анын издөөдө жүргөнүнө байланыштуу кылмыш иши убактылуу токтотулганын, кармалса камакка алынарын, иши сотко өтөрүн билдирген.

2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында бул иш боюнча жаңы жагдай ачыкка чыккан. Бишкек шаардык соту Сулайманов жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен кылмыш жоопкерчилигинен бошотулганын маалымдаган. Натыйжада ага коюлган мурдагы айыптар боюнча маселе жабылган.

Курулуш тармагындагы ири долбоорлор

Акыркы жылдары Нурлан Сулайманов мамлекеттик кызматта иштебегенине карабастан анын атын жол куруу тармагындагы ири долбоорлор менен байланыштырып жүрүштү.

2021-жылы Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар Сулайманов транспорт министрлигинин ишине көмүскө таасир этүүдө деген дооматтарды айтып чыгышкан. Ошол кездеги вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев "мурдагы министрлердин бири жол тармагындагы чечимдерге кийлигишип жатканын" айткан. Бирок министрликтин өкүлдөрү мындай маалыматтарды четке каккан.

Анткен менен экс-министрдин өлкөнүн түштүгүндөгү жол долбоорлоруна жакын аралашып жүргөнү социалдык түйүндөрдө айтылып, анын ошол кездеги Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Ош облусундагы иш сапарларында коштоп жүргөнү коомчулукта түрдүү суроолорду жараткан. Акылбек Жапаровдун тушунда Сулайманов өкмөттөгү жыйындарга да катышканы белгилүү болгон.

2024-жылы Өзгөн шаарын айланып өткөн акы төлөнүүчү автожолдун курулушу бүтүп, пайдаланууга берилгенде долбоордун айланасында бир топ талкуу жаралган жана УКМК ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиевдин аты аталган.

Temirov LIVE (Кыргызстанда соттун чечими менен экстремисттик деп жарыяланган) иликтөөдө жолду куруп жаткан “Тез Жол” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Тай-Мурас Ташиев экени айтылган. Президент Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде иликтөөдө айтылгандарга жооп берип, долбоорго Ташиевдин уулу катышып жатканын ырастаган. Бирок аны инвестор таап келген киши катары мүнөздөгөн.

Ал эми Тай-Мурас Ташиев долбоорго мурдагы транспорт министри Нурлан Сулаймановдун чакыруусу менен келгенин билдирген. Жолдун ачылыш аземине Сулайманов өзү да катышып, жол акысын негиздөө боюнча түшүндүрмө берген. Кийинчерээк ал Тай-Мурас Ташиев долбоордогу үлүшүн сатып чыгып кеткенин маалымдаган. Бирок үлүштү ким сатып алганы жана келишимдин шарттары коомчулукка жарыяланган эмес.

Нурлан Сулайманов тууралуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылып келет. Айрым саясатчылар жана жарандык активисттер анын жол тармагындагы таасири сакталып калганын белгилешсе, башка тарап аны кесипкөй жетекчи катары сыпаттайт.

Азырынча мурдагы министр өзү акыркы кармалышы жана жаңы айыптар боюнча ачык комментарий бере элек. Ички иштер министрлиги да ага каршы козголгон жаңы кылмыш ишинин чоо-жайын жарыялай элек. Ошондуктан анын айланасындагы соңку окуялар боюнча негизги суроолор азырынча жоопсуз бойдон калууда.

67 жаштагы Нурлан Сулайманов билими боюнча инженер-куруучу. Эмгек жолун мамлекеттик «Киргиздортранспроект» долбоорлоо институтунда инженер болуп иштеп баштап, кийин жол курулуш тармагында ар кандай кызматтарда, анын ичинде Бишкек — Ош автожолунун башкы башкармалыгынын директору болуп эмгектенген. 2005–2010-жылдары транспорт жана коммуникациялар министри болгон. 2010-жылы «Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болуп шайланган. Парламентте Транспорт, коммуникациялар, байланыш жана архитектура боюнча комитетти, ошондой эле Бюджет жана финансы боюнча комитетти жетектеген. 2012–2014-жылдары чет жакта жүргөн жана депутаттык мандатынан ажыратылган.

"Териштирүү ачык өтүшү керек"

Саясатчы Бектур Асанов иштин жагдайларын билмейин кимдир-бирөөнү айыптоо же актоо кыйын экенин айтууда. Негизгиси, анын белгилешинче, бардык териштирүү ачык-айкын өтүшү зарыл:

“Жеке мамилем жок, сыртынан гана тааныйм. Ал жөнүндө бир топ талаштуу маалыматтар чыккан. Кылмыш иши козголгону үчүн сыртта жүргөн учурлары да болду. Бул жагдайларды терең билбейм. Чоң акча айланган бардык эле тармакта – энергетика, жол, бажыда коррупция көп болот. Бул министрлик да ошондой болуп келген. Кандай болгон күндө да соттук териштирүү ачык болушу керек. Анын жагдайлары бизге белгисиз. Антмейинче бирөөнү коррупционер деп айтуу кыйын".

Нурлан Сулайманов 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо көп добуш менен утуп келген “Ата Журт” партиясынын катарында депутат болгон. Анын ошол кездеги партиялашы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов буларды айтты:

"Ал 2010-жылы “Ата Журттан” депутат болгон. Мамилебиз расмий эле болуп, саламдашып эле жүргөнбүз. Бейнесин терең билбейм. Мандатын тапшырганы кайсы бир кылмыш ишине байланыштуу болсо керек. Азыр кайсы иш экенин так эстей албайм. Ал менден кичүү, мени аке деп кайрылып, сый мамиледе болдук. Андан бери бир да жолу көрүшкөн жокпуз".

Кыргызстандагы жемкорлук

Жемкорлукту изилдеген ири эл аралык Transparency International уюму соңку "Коррупцияны кабылдоо индексинде" Кыргызстанды 142-орунга койгон. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 26 упай менен 142-орунга жайгаштырылган. Ага чейинки жылкы баяндамада (2024-жылдын жыйынтыгы) Кыргызстан 25 упай менен 146-сапта болчу. Отчетто 182 мамлекетте жана аймактардагы паракорлук көрүнүштөрү изилденген. Уюмдун маалыматында айтылгандай, Кыргызстан жана Казакстан бейөкмөт уюмдарга каршы кесепети оор мыйзамдар менен жарандык коомду ооздуктоону улантууда.

Уюмдун методологиясы боюнча баалоо шкаласы 0дөн 100гө чейинки упай менен өлчөнөт. Берилген упайы канчалык төмөн болсо коррупциянын деңгээли ошончолук жогору деп эсептелет. Ал эми упайлары 100гө карай жогору болгон өлкөлөрдө коррупциянын көрсөткүчү төмөн экенин билдирет.

Кыргызстан менен бирдей упай Гвинея, Нигерия, Гватемала, Камерун жана Папуа-Жаңы Гвинеяда катталган. Сөз болгон индекс дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупцияны кабылдоого баа берүүдө негизги инструмент болуп саналат.

Президент Садыр Жапаров быйыл 9-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Кыргызстандын жарандарына кайрылуу жасаганда да жемкорлук маселесине токтолгон.

"...Мамлекеттик кызматтарда коррупциялык көрүнүштөр болсо, далилденген, негизделген фактылар менен элдин алдына алып чыксаңыздар, албетте, мага эң чоң жардам берген болосуздар. Мен сиздер тарапта болом. Сиздерди колдойм", - деген мамлекет башчы.

Ал эми 16-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде коррупцияга каршы күрөш эч качан токтобой турганын айткан жана “бизде коррупция жок, баарын жоюп салдык” деп пиар кыла бериштин кереги жоктугун эскерткен.

"Коррупция өмүр бою токтобойт. Коррупциянын түрлөрү бар. Экономикалык коррупция, саясий коррупция, тууганчылык коррупция жана башка коррупциялар. Баарын жок кылганга болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Азайтабыз. Криминалды жок кылыш бизге кыйынга турган жок. Бир күндө тынчыттык. Ал эми коррупцияны беш жылдан бери жок кыла албай келе жатабыз. Кудай буюрса, келечекте коррупциянын пайызын болушунча азайтканга аракет кылабыз. Ага күч да акыл да жетет. Күч органдарына “Криминал, коррупция менен күрөшүүдө силерге жашыл жарык, болгону “маски шоу” кылбай, пиар кылбай, иш алып баргыла” деп тапшырма бердим", - деген Жапаров.

Ошол эле учурда Жапаров мурдагы УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин тушунда коррупцияга каршы күрөштөн 4 млрд доллар түшкөнү тууралуу маалыматты төгүндөгөн. 13-августта журналист Али Токтакуновго курган маегинде ал "канча мүлк түшкөнү, кайра канчага сатылганы азыр ревизия болуп жатканын" айтып, жемкорлукка каршы күрөштөн "пайда жакшы эле болгонун" жана "мектептер салынганын, УКМКнын облустук, райондук борборлору бүт жаңыланганын, академия, спорттук аянтчалар, эс алуучу жайлар курулганын" кошумчалаган.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG