Ташкент метросунда аялдар үчүн өзүнчө вагон ачуу сунушу талкууланууда

Ташкент. Метро станцияларынын биринде тартылган архив сүрөт.

Ташкент метрополитени жаңы линия курууда жана вагон сатып алууда аялдар үчүн өзүнчө вагондорду ачуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу 3-ноябрдагы маалымат жыйынында метрополитен жетекчисинин орун басары Юлдаш Юсупов билдиргенин "Азаттык Азия" жазды.

Юсуповдун айтымында, мындай сунуштар метро администрациясына социалдык тармактар жана расмий кайрылуулар аркылуу көп келип турат. Бирок азыркы учурда жүргүнчүлөрдүн агымы жана техникалык мүмкүнчүлүктөр бул демилгени ишке ашырууга жол бербей жатат.

Ташкент метрополитенинин маалыматына караганда, жүргүнчүлөрдүн орточо 40 пайызын аялдар түзөт. Юсупов өзүнчө вагондор аялдарга карата сексуалдык ыдыкты азайтууга жардам бериши мүмкүн деген пикирин айтты.

Аялдар үчүн өзүнчө вагон, купе же орун бөлүү тажрыйбасы дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө бар. Мындай чаралардын негизги максаты коомдук транспортто ыдык көрсөтүүгө жол бербөө жана аялдардын коопсуздугун камсыздоо болуп саналат.

Казакстанда аялдар үчүн өзүнчө вагондор 2021-жылы киргизилген. Анда аял жүргүнчүлөр гана билет сатып ала алышат, ал эми жети жашка чейинки эркек балдар чоңдордун коштоосунда жүрүүгө уруксат берилет. Быйыл октябрда аялдар үчүн вагондор Алматы-Ташкент багыты боюнча каттаган поезддерде да ачылды.

Дагы караңыз

4-ноябрга караган түнү Кыргызстанда үч жолу жер титиредиМедербек Сатиев сот бийлиги ичинен тазаланарын айттыОлешки операциясынын жыйынтыгы Ак үйдө талкууланатУКМКга сын-доомат Таласта да айтылды. Ташиев кеткенден бери кандай өзгөрүү болду?