Курулуш компаниялары эми имараттын пайдубалын бүтмөйүнчө батир сата албайт

Кыргызстандагы курулуштардын бири.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин буйругуна ылайык, эми курулуштун “нөл цикли” - имараттын пайдубалы түптөлүп, жер алдындагы курулуш иштери толук аяктаганга чейин андагы батирлерди сатууга жана жарнама кылууга тыюу салынды.

Министрлик билдиргендей, буйрук боюнча, курулуштун “нөл цикли” аяктаганга чейин курулуш компанияларына курулуп жаткан объектилердеги турак жана турак эмес жайларды сатууга, үлүштүк катышуу, алдын ала келишимдерди түзүүгө жана курулушка жеке жана юридикалык жактардын каражатын тартууга, курулуш объектилерин жарнама кылууга тыюу салынат.

Курулуш компанияларынын жетекчилерине буйруктун талаптары тааныштырылып, белгиленген тартипти сактоо жана мыйзам бузууга жол бербөө боюнча эскертүүлөр берилди.

Соңку жылдары Кыргызстанда элден үлүш негизинде чогулган акчага там салып, батир саткан курулуш компаниялары милдетин аткарбай үйдөн же акчадан жок калган адамдар бийликке кайрылып, маселесин чечип берүүнү өтүнүп келишет. (BTo)


Дагы караңыз

Жетим-Тоо кенин мамлекет 100% өзү иштетет4-ноябрга караган түнү Кыргызстанда үч жолу жер титиредиСтамбулда түркмөн жаранынын өлүмү иликтенүүдөТашкент метросунда аялдар үчүн өзүнчө вагон ачуу сунушу талкуулануудаМедербек Сатиев сот бийлиги ичинен тазаланарын айттыОлешки операциясынын жыйынтыгы Ак үйдө талкууланатЖапаров “Газпром” милдеттерин аткарбаса Кумтөрдөй кылып "алып коёрун" эскерткенин айтты