Адамдын нервин шал кылуучу «Новичок» деп аталган уу затты иштеп чыккандардын бири, орусиялык химик Владимир Углев 80 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу The Insider басылмасы өз булактарына таянып билдиргенин "Свобода" жазды.
Соңку жылдары Краснодар крайынын Анапа шаарында жашап келген Углев журналисттерге Орусиянын атайын кызматтары «Новичокту» колдонгон болушу ыктымал деген маселеге байланыштуу иштерди иликтөөдө кеңешчи катары жардам берип жүргөн.
2020-жылы Кремлдин башкы сынчысы, оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный дал ушул зат менен ууландырылганы айтылган.
Углев жана АКШда жашаган дагы бир химик, «Новичоктун» иштеп чыгуучуларынын бири Вил Мирзаянов 2018-жылы Улуу Британиянын Солсбери шаарында мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлия Скрипалдын ууландырылышы боюнча да бир нече жолу комментарий беришкен. Британия бийлиги бул окуяда да СССРде иштелип чыккан «Новичок» колдонулган деген тыянакка келген.
2019-жылы Анапада шаарында Углев иштеген лабораторинын эшигине жана имараттын дубалдарына белгисиз бирөөлөр анын сүрөтү түшүрүлгөн, мазактоочу сөздөр жазылган баракчаларды илип кетишкен. Окумуштуу өзү күмөн жараткан жол кырсыгына кабылганын да билдирген.
Владимир Углев 1946-жылы Мурманск облусундагы Кировск шаарында төрөлгөн. Ал 1975-жылы Менделеев атындагы Москва химиялык-технологиялык институтун бүтүрүп, 1975-1990-жылдары СССРдеги химиялык курал иштеп чыгууга катышкан илимий мекемелердин биринде эмгектенген.
«Новичок» заты 2019-жылы Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун тыюу салынган заттар тизмесине киргизилген.
Орусия бийлиги Сергей Скрипалдын да, Алексей Навальныйдын да ууландырылышына тиешеси бар деген айыптарды четке кагып келет.