Кыргызстанда үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү “Бала ырысы” жөлөк пулун алгандар 266 миңден ашты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 2026-жылдын ноябрь айына карата 266 миң 166 балага 328 млн 20 миң сом каражат берилди.
2026-жылдын октябрь айына салыштырмалуу жөлө кпул алуучулардын саны 13 миң 467 балага же 5,3% көбөйгөн. Ал эми талап кылынган каражаттын көлөмү 16,5 млн сомго өскөн.
Өкмөттүн баштапкы маалыматына ылайык, “Бала ырысы” жөлөк пулун өлкөдө 470 миңге жакын бала алат деп эсептелген.
“Бала ырысы” деп аталган жөлөк пул балдарга төрөлгөн күндөн тартып үч жашка чыкканга чейин ай сайын берилет. Ал ата-эне арыз менен кайрылган жана бала жөлөк пул алуучу менен чогуу жашаган учурда дайындалат. Бир эле учурда эки жана андан көп бала төрөлгөндө “Бала ырысы” ар бирине өзүнчө чегерилет.
“Бала ырысы” 2023-жылдын 1-августунан тартып төрөлгөн балдарга берилет. (BTo)