Украинанын учкучсуз учактары 4-ноябрга караган түнү Ozon компаниясынын Адыгейск шаарындагы логистикалык борборуна сокку урду. Бул тууралуу аталган маркетплейстин басма сөз кызматы билдирди.
Компаниянын маалыматына ылайык, борбордун бардык кызматкерлери алдын ала эвакуациялангандыктан, жабыркагандар болгон жок. Чабуулдан кийин өрт чыгып, учурда окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери иштеп жатышат.
Маркетплейс логистикалык борбордо сакталган товарлар сайттан убактылуу алынарын, аларга буйрутма берүү мүмкүн болбой турганын эскертти. Айрым буйрутмалар жокко чыгарылса, кээ бирлери башка кампалар аркылуу жеткирилет.
Адыгэ Республикасынын башчысы Мурат Кумпилов Ozon объектисиндеги өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана куткаруучулар тартылганын маалымдады. Анын айтымында, Теучеж районундагы Петров хуторунда учкучсуз учактын сыныктары газ түтүгүн жана жеке үйлөрдүн биринин терезелерин талкалаган. Газдын агышы токтотулуп, жабыркагандар катталган эмес.
Украинанын Supernova+ мониторинг каналы аннексияланган Крымдагы "Гвардейское" аэродромуна жана Орусия көзөмөлдөгөн Донецкидеги Шахтёр көчөсүндө жайгашкан "Феникс" дата-борборуна да чабуул болгонун кабарлады. Бирок бул маалымат расмий ырастала элек.
Украин Куралдуу күчтөрү Орусиянын аскерлери Украинага каршы колдонгон "Шахед" дрондорун негизинен "Гвардейское" аэродромунан учуруларын маалымдады.
Орусиянын Коргоо министрлиги түндө Белгород, Брянск, Курск, Калуга, Тула, Рязань, Орёл, Воронеж, Саратов, Самара жана Ростов облустарынын, Краснодар крайынын, Москва аймагынын, аннексияланган Крымдын жана Адыгеянын үстүнөн, ошондой эле Азов жана Кара деңиздеринин акваторияларында жалпысынан 709 украиналык учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди.