Чуңкурчакта "Супара" этно комплексинде өрт чыкты

Чуңкурчак капчыгайы

"Супара Чункурчак" этно-комплексинде 4-ноябрдын түнү өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, техника барып, өрттү өчүрүү аракети көрүлүп жатканы кабарланды.

Этно-комплекстеги өрт тууралуу күбөлөрдүн видеолору социалдык тармактарга тарады. Андан комплекстеги жайлардын бири жалбырттап катуу күйүп жатканын көрүүгө болот.

"Супара Чуңкурчак" өрткө байланыштуу маалымат бере элек. Этно-комплекс Бишкектен 40 чакырым түштүктө, Чуңкурчак капчыгайында, токойдун жанында, деңиз деңгээлинен 2150 метр бийиктикте жайгашкан этно-резорт жана эс алуу борбору.

Аны белгилүү ишкер, маркум Табылды Эгембердиев негиздеген. Анда көчмөн маданиятын чагылдырган өзгөчө боз үйлөр, "Бешик" отелдери, үч кабаттуу улуттук ресторан жана башка жайлар бар.


Дагы караңыз

Астанада бийлик менен жолугушууну каалаган 20дан ашуун кишини полиция кармап кетти "Миллиарддаган доллар пайда алсак болот". Кыргызстан Жетим-Тоону 100% өзү иштетүүгө белсенүүдө