Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:27

"Миллиарддаган доллар пайда алсак болот". Кыргызстан Жетим-Тоону 100% өзү иштетүүгө белсенүүдө

Нарын жана Ысык-Көл облустарынын аймагында жайгашкан Жетим-Тоо дүйнөдөгү ири темир кендеринин бири.
Нарын жана Ысык-Көл облустарынын аймагында жайгашкан Жетим-Тоо дүйнөдөгү ири темир кендеринин бири.

Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо темир кенин мамлекет өз күчү менен иштетерин жарыялады. Миллиарддаган долларлык долбоордун айланасында талаш-талкуу соңку жылдары күчөгөн. Кенди өздөштүрүүгө кимдин дарамети жетет жана ал өлкөгө кандай пайда алып келет?

"Кенди өзүбүз иштетебиз"

Президент Садыр Жапаров Нарындагы Жетим-Тоо кенин мамлекет 100% өзү иштетерин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 3-ноябрда Талас облусунда Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушууда айтты.

Ал 2031-2032-жылдары Кумтөр алтын кениндеги карьерди иштетүү аяктап, андан кийин бардык техника Жетим-Тоо кенин өздөштүрүүгө багытталарын кошумчалады.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Жетим-Тоого инвестор издеп чогуу иштетебиз деген үмүтүбүз бар эле. Бирок “Кыргызалтын” ишканасы менен сүйлөшүп 100% өзүбүз иштетебиз деп жатабыз. 2031-2032-жылдары Кумтөрдө борбордук карьерди иштетүү бүтөт. Ошондо ал жерден жүздөгөн чоң техника бошойт. Аларды Жетим-Тоого которуп, калган акчасын каржылап 100% өзүбүз иштетебиз деп атабыз. Ал жактан да миллиарддаган доллар пайда алсак болот”, - деди президент.

Аталган темир кенин иштетүү боюнча талкуу соңку айлары жанданган.

Кумтөр алтын кенин башкарып, кийин соттолгон Теңгиз Бөлтүрүк кенди иштетүүгө жана аны башкарууга даяр экенин билдирген. Буга мурдагы премьер-министр Темир Сариев жооп берип, Жетим-Тоону иштетүү оңой-олтоң иш эмес экенин айтып чыккан эле.

Бөлтүрүктүн билдирүүсүнөн чыккан талкуу

2020-жылдан соң Кумтөрдү башкарып, кийин коррупцияга шектелип, соттолгон Бөлтүрүк быйыл жайында соцмедиада активдүү болуп, бир топ билдирүү жасаган эле. Ал «Улуу көчмөндөр мурасын» жетектеп турганда Жетим-Тоону да изилдеп чыкканын, кенди кесипкөй адистер жана заманбап жабдыктар менен мамлекет өзү иштетсе болот деп эсептей турганын айткан.

Өз сөзүндө Теңгиз Бөлтүрүк темир кенин иштетүүгө кытайлар кызыгып келгенин кошумчалап, мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин ысымын да атаган.

Тенгиз Бөлтүрүк
Тенгиз Бөлтүрүк

“Жетим-Тоону иштетүү аракеттери болуп келген. Бир кездери Садыр Жапаров мени эки жолу чакырып, кенге Батыш инвесторлору, өзгөчө Кытай компаниялары кызыкдар экенин, алар 20 млн долларга казып баштагысы келип жатканын айткан. Атүгүл Темир Сариев 20 млн долларга жабдык сатып алып, экскаватор, жүк ташуучу трак дегендер менен руданы сузуп алып эле Кытайга жөнөтө берүүнү сунуштап жатканын айтты. Мен үчүн бул күлкүлүү болду. Ошол эле жерде Садыр Жапаровго “Азыр эле менин алдымда Темир Сариевге чалып, кайсы жерде кандай руда жатканы тууралуу маалыматтарды кайдан алганын, бул руданын курамы темирге жарды экенин, аны алгачкы этапта байытуу керектигин билет бекен, сураңызчы” дедим. Руданы эритүүгө жөнөтүү үчүн анын курамында темирди 62-65% кылып байытуу керек. Биздики болсо 27-32% жана бир өңчөй жайгашкан эмес”.

Бөлтүрүк Жетим-Тоонун рудасында темирдин үлүшү аз болгондуктан эриткенге чейин аны байытуучу завод куруу зарылдыгын, ал 500-600 млн доллар турарын айткан.

Темир Сариевдин жообу

Көп өтпөй мурдагы премьер-министр Темир Сариев жооп берип, 2021-жылы Садыр Жапаров ага Жетим-Тоону иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн баалоо боюнча өз сунушун даярдоону тапшырганын билдирген. Тоо-кен, геология, инженерия жана финансы боюнча жергиликтүү адистер менен бир нече ай бою союз кезиндеги жана 2008-2009-жылдары кытайлар иштеп чыккан документтерди изилдеген соң баштапкы техникалык-экономикалык негиздеме даярдалганын айткан.

Сариев Бөлтүрүктүн кенди өздөштүрүүнүн жогорку рентабелдүүлүгү тууралуу билдирүүсү картинанын бир бөлүгүн гана чагылдырат жана кендин маанилүү технологиялык өзгөчөлүгүн – темир рудасын байытуунун татаалдыгын эске албайт деп эсептей турганын билдирген.

Темир Сариев
Темир Сариев

“Долбоордун экономикалык натыйжалуулугу кордун көлөмү жана темир рудасынын рыноктук баасы менен эле эмес, баарынан мурда товардык концентрат алуунун технологиялык мүмкүнчүлүктөрү, металлды бөлүп алуу деңгээли, кайра иштетүүнүн капиталдык чыгымдары жана даяр продукциянын өздүк наркы менен аныкталат. Так ошондуктан, ушул жагдайларды эске албай туруп, кендин жогорку рентабелдүүлүгү тууралуу кандай билдирүү болбосун эртелик кылат. Жумуш тобу иштеп чыккан концепция кенди этап-этабы менен иштетүүнү караган. Алгачкы этапта руданы казып алууну уюштуруу, темир концентратын өндүрүү жана аны сатуу, анын ичинде туруктуу суроо-талап болуп турган Кытай рыногуна сатуу каралган. Концентратты сатуудан түшкөн кирешени өзүбүздүн металлургиялык комбинатыбызды курууга жумшоо пландалган”.

Жетим-Тоодон темир казуу демилгеси 2008-2009-жылдары активдүү көтөрүлүп, казуу укугу кытайлык инвесторлорго ыйгарылганы кабарланган. 2010-жылдан кийин узакка созулган соттошуулардын жыйынтыгында кен мамлекетке кайтарылган.

2020-жылдан кийин кенди казуу демилгеси кайрадан активдүү талкууланып баштаган.

Жетим-Тоону казууга жана өзгөчө анын Кытай тарапка берилишине каршы чыккан жарандык активисттер бир канча жолу нааразылык акцияларын өткөргөн. Алардын айрымдары ар кандай айыптар менен камалып, соттолуп да кетишти.

Коомдогу нааразы пикир кыйла курч болгондуктан президент Садыр Жапаров темир кенин мамлекет өзү иштетерин билдирген.

Ушул жылы июнь айында Ат-Башы районунда эл менен жолугушуп жүргөндө ал Жетим-Тоону иштетүү боюнча калк арасындагы суроого мындайча жооп берген:

“Биз болсо азыр Жетим-Тоону изилдеп атабыз. “Кумтөр” сыяктуу кылып 100% өзүбүз иштетели дегенге аракеттерди көрүп атабыз. Бирок, өтө чоң каражат кетет экен. Ал жерге бир завод салыш керек экен. Биз жөн эле сырьену сатып ийбей, металл иштетип чыгара турган завод коюп туруп, анан кийин 100% металлды иштеп чыгарышыбыз керек экен. Ошого 9 млрд долларга жакын кетет экен. Бирок, эгер ошол салынса, өзүн 5-10 жылда актайт экен. Биз азыр ошол каражатты издеп, аракет кылып атабыз, муну өзүбүз иштетебиз деп. Күчүбүз жетип калса, өзүбүз иштетебиз, жетпесе 30/70 дейбизби, 40/60 дейбизби – инвестор издеп тапсак, ошону менен кошо иштетебиз”.

Жетим-Тоо аймагын чалгындоо лицензиясы 2023-жылы "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына берилген. Быйыл май айында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кенди чалгындоо иши баштала электигин билдирген.

Нарын жана Ысык-Көл облустарынын аймагында жайгашкан Жетим-Тоо дүйнөдөгү ири темир кендеринин бири болуп саналат. 1956-жылы аныкталган кендин узундугу 40 чакырымга чейин созулуп жаткан тоо кыркаларынан жана Данги, Туюк-Суу, Айран-Суу, Молдобашы, Телеке жана Күрмөнтү деген тилкелерден турат.

Алгачкы жолу 1960-80-жылдары союз геологдору, кийин 2008-2009-жылдары кытай адистери тарабынан изилденген кендин кору жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу так маалыматтар жок. Ар кандай божомолдор боюнча анда 3,5 млрд тоннадан 10 млрд тоннага чейин темир рудасы бар.

Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG