Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри 5-ноябряда журналисттер менен болгон маалымат жыйында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Буга чейин министрлик “Дөөлөт-Курулуш” компаниясынын көп жылдан бери бүтпөй турган объектилерине мамлекеттик башкаруу киргизген. Азыркы тапта Кытайдан келген инвесторлор акчасын салып, ишти баштаган.
Бул тажрыйбадан кийин Орунтаев Бишкектеги дагы башка, курулуп бүтпөй турган көп кабаттуу үйлөрдөн батир алган үлүшчүлөр менен жолукканын айтып, алардын алтооно тышкы башкаруу кирип жатканын белгиледи.
Алар: Жибек-Жолу көчөсүндөгү 295, 297 даректеринде жайгашкан 80 батирлүү турак жай. Курулуш 2018-жылы "Эксперт Строй" ЖЧКсы тарабынан башталган.
Мичурин көчөсүндөгү 121 Б (А, Б блоктору) дарегиндеги 9 кабаттуу, 169 батирлүү турак жай. Курулуш 2021-жылы "Эксперт Строй" жана "Гидротехстрой" ЖЧКлары тарабынан башталган.
Көк-Жар конушу, Куйручук көчөсүндөгү 197/2 дарегинде орун алган 15 кабаттуу, 200 батирлүү турак жай. Курулуш 2022-жылы "Эмаком" жана "Ханстрой" ЖЧКлары тарабынан башталган.
Көк-Жар конушу, Молдокулов көчөсүндөгү 360 батирлүү турак жай комплекси. Курулуш 2013-жылы "Кыргыз-Арабиан Алькнейзит" жана "ОПГС Строй" ЖЧКлары тарабынан башталган.
Таш-Дөбө айылы, Куттубаев көчөсү 15/9а, 15/96, 15/10 даректериндеги 10 кабаттуу турак жайлар. Курулуш 2020-жылы "Эмаком", "Ханстрой" жана "Бренд Хаус" ЖЧКлары тарабынан башталган.
Кипалов көчөсүндөгү 5 кабаттуу мансарды бар, 181 батирлүү турак жай комплекси. Курулуш 2021-жылы "Эмаком" жана "Бренд Хаус" ЖЧКлары тарабынан башталган.
“Мына ушул үйлөргө тышкы башкаруу киргизип жатабыз. Азыр юридикалык жумуштарды жүргүзүп атабыз, менин божомолума ылайык, алдыңкы 1,5-2 айдын ичинде курулуш иштерин баштайбыз. Силерге маалым болгондой аталган компаниялардын жетекчилери кылмыш жоопкерчилигине тартылып, айрымдары камакка да алынган. Биздин максат - бул үйлөрдү бүтүрүп, элге тапшыруу. Дагы 40тан ашык объект бар, алар боюнча да иш алып барылат”.
Орунтаевдин айтымында, учурунда бул турак үйлөрдөн батирлер элге (бир чарчы метри) 450 доллардан 750 долларга чейин сатылган. Азыр эми курулуш материалдардын баасына жараша кайра эсептелип чыгат.
Буга чейин бир канча турак үйлөрдөн батир алгандар байма бай бийлик органдарына кайрылып, маселесин чечип берүүнү өтүнүп келген.(KS)