Бишкек шаардык милициянын "102" кызматына Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде белгисиз адам автоунаанын ичинде отуруп, кыздын дарегине карата сөгүнгөн сөздөрдү айтып, куралга окшош нерсе менен коркутуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя 29-октябрда күндүзгү саат 10:25 чамасында катталганын милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүнүн тек-жайы аныкталып, ал 1989-жылы туулган С.Б. аттуу жаран экени белгилүү болгон. Милиция шектүү кармалып, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилгенин маалымдады.
Анын куралы алынып, айдап жүргөн автоунаа атайын айып короого токтотулду. Кылмыш иши боюнча тиешелүү соттук-экспертизалар дайындалды.
Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө улантылууда.
Бишкек шаардык милициясы жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого, агрессивдүү жүрүм-турумга, коркутууларга жана башка укукка каршы аракеттерге жол бербөөгө чакырды. (КЕ)
Шерине