Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Субалдиева жарандардын жеке кол тийбестигин камсыз кылуу, ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо, ошондой эле ыдык көрсөтүүгө жол бербөө максатында Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо.
Ыдык көрсөтүү үчүн жоопкерчиликтин укуктук механизмдерин белгилөө, мыйзамдардагы учурдагы боштуктарды жоюу максатында иштелип чыккан мыйзамдын долбоору коомдун талкуусуна чыгарылды.
Акыйкатчы институтунун (Омбудсменинин) 2023-жылдагы жылдык баяндамасында келтирилген маалыматка ылайык, сурамжылоого катышкан 250 кыз-келиндин 90 пайызы коомдук транспортто ыдык көрсөтүүнүн ар кандай түрлөрүнө кабылганын билдиришкен. Алардын жарымынан көбү (53%) 18 жаштан 25 жашка чейинкилер, үчтөн бири (38%) – 18 жашка чейинкилер, 7% – 25 жаштан 35 жашка чейинкилер болгон. Аялдар коомдук транспортто кабылган ыдык көрсөтүүнүн эң көп тараган формасы болуп жанына жагымсыз жолоо, жабыша сүйкөнүү, сылоо, чымчылоо (80%), сырдуу тиктөө (69%), тийишүү (57%) саналат. Сурамжылоого катышкандардын 14% өзүнө сексуалдык мүнөздөгү сунуштар же талаптар айтылганын билдиришкен. Дагы 14% эркектердин интимдик дене мүчөлөрүн көрсөтүү сыяктуу аракеттерине кабылганын айтышкан. Бул маалыматтар ыдык көрсөтүүдөн коргоо чараларын күчөтүү зарылдыгын көрсөтөт", - деп белгиленген долбоордун маалымкат-негиздемесинде.
Мыйзам долбоорунда адамдын эркине каршы сексуалдык мүнөздөгү сөздөрдү айтуу, ага тийишүү, денесине кол тийгизүү, чымчуу, өбүү, сылоо, жыныс органдарын көрсөтүү, адепсиз жаңсоо, ошондой эле байланыш каражаттары аркылуу сексуалдык мазмундагы сүрөт, видео же аудио материалдарды жөнөтүү, чалуу же ушундай аракеттер менен куугунтуктоо үчүн жоопкерчилик каралган.
Мындай аракеттер үчүн 20 миң сом айып пул салуу же үчтөн жети суткага чейин камоо сунушталууда.
Документке ылайык, эгер бул иштер кайталанса төрт жылга чейин камакка алуу каралууда.
Кыргызстандагы аял судьялар ассоциациясынын иликтөөсүнө ылайык, иштеген аялдардын ар бир төртүнчүсү, ал эми студенттердин ар бир бешинчиси сексуалдык ыдыкка кабылганы белгилүү болгон. Булардын ичинен 80% мамлекеттик органдарда болгону айтылган. Айрым кызматкерлер кармалган учурлар да бар.