АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп Украинанын Орусия көзөмөлдөгөн Олешки шаарында анын арачылыгы менен жетишилген алты күндүк атышпоо келишими узак мөөнөттүү тынчтыкка негиз болот деген үмүтүн билдирди.
Ал 5-ноябрда Ак үйдө Орусиянын менен Украинанын өкүлдөрү менен жолугушууда Олешкидеги тажрыйба кеңири тынчтык жараянына түрткү болушу мүмкүн экенин айтты.
Мелания Трамп ошондой эле Орусия президенти Владимир Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин ролун өзгөчө белгилеп, экөөнө тең жеке кат даярдаганын кошумчалады.
Ак үйдөгү жолугушууга Орусиядан адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Яна Лантратова жана президенттин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев катышты. Украинадан болсо Жогорку Раданын адам укуктары боюнча өкүлү Дмитрий Лубинец менен «Эл кызматчысы» фракциясынын жетекчиси Давид Арахамия барды.
Жолугушууда Лубинец Мелания Трампка Владимир Зеленский берген I даражадагы Княгиня Ольга орденинин тапшырды. Ал эми Дмитриев Олешкиден эвакуацияланган кыздын сүрөтүн белек кылды.
Олешки шаарында жана анын айланасында атышпоо режими 27-октябрда башталып, 1-ноябрдын кечинде аяктаган. Москва менен Киев бул макулдашуунун түзүлүшүндө Мелания Трамп башкы ортомчулардын бири болгонун белгилешкен.
АКШнын маалыматына караганда, фронтко жакын жайгашкан шаардан кетүүнү каалаган дээрлик 800 киши Орусия менен Украинага эвакуацияланган. Ал эми шаарда калган тургундарга гуманитардык жардам жеткирилген.