Франция: Айлыкты көбөйтүү талабы айтылган акцияда жүздөгөн адам кармалды

Францияда нааразылык акциялары өткөн айдын соңунда да болгон.

Франциянын ири шаарларында 5-ноябрда минималдык эмгек акыны көбөйтүүнү талап кылган миңдеген адамдардын катышуусунда кайрадан массалык нааразылык акциялары өттү. Ички иштер министрлиги акцияларга өлкө боюнча болжол менен 575 миң адам катышканын билдирди.

Ал эми Франциядагы ири кесиптик кошуундардын бири болгон CGT демонстранттардын санын 1,6 миллион деп баалады.

Министрликтин маалыматына караганда, Марсель, Нант, Лион, Бордо жана Страсбург шаарларында полиция кызматкерлери радикалдуу солчул топтордун чабуулуна кабылды. Баштапкы маалымат боюнча, өлкөдө жалпысынан 86 өрт коюу фактысы катталды.

Бийлик билим берүү мекемелерине да олуттуу зыян келтирилгенин билдирди. Тулуза шаарында башаламандыкка катышкандар мектептин ичинде өрт чыгарып, окуу класстарын талкалап, компьютерлерди жок кылышкан. Париждин четиндеги Ла-Курнёв шаарчасында мектепти блокадага алган окуучулардын бири бычактан жаракат алган. Лилл шаарында болсо мектептин кире бериш бөлүгү өрттөлгөндөн кийин адамдар эвакуацияланган.

Франция боюнча жалпысынан 448 адам кармалганы кабарланды.

Кесиптик кошуундар минималдык эмгек акыны салыктар кармалгандан кийин дагы 100 еврого көбөйтүүнү талап кылууда.

Франциянын Демократиялык эмгек конфедерациясынын (CFDT) жетекчиси Марилиз Леон минималдык айлыкты жогорулатууга чакырды. Ал эми Жалпы эмгек конфедерациясынын (CGT) башчысы Софи Бине Франция акыркы он жылда минималдык айлык эң аз жогорулаган Европа өлкөлөрүнүн бири болуп калганын айтты.

Учурда Францияда минималдык сааттык эмгек акы салыктар алынганга чейин 12,31 еврону түзөт. Бул жумасына 35 саат иштеген кызматкер үчүн айына болжол менен 1867 евро дегенди билдирет. Германияда минималдык сааттык эмгек акы 2027-жылдын январынан тартып 14,60 еврого чейин көбөйөт.

Октябрдын аягында Францияда жашоо наркынын өсүшүнө жана билим берүү системасынын абалына каршы өткөн массалык нааразылык акцияларында миңге жакын адам кармалган болчу.

Дагы караңыз

Санкциялык тобокелдиктен улам мамлекеттик банктар 284 компания менен иштешүүнү токтоттуОлешки операциясынын жыйынтыгы Ак үйдө талкууланды“Инимди Орусияга чакыртып, Украинага согушка жиберип жатат”Жемкорлукка жаза: УКМКга доомат, сот эмнеге таянат?