Кыргызстанда 18 жашка чыга электерге энергетикалык суусундук сатууга тыюу салуу сунушталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов Кыргызстанда 18 жашка чыга электерге энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салууну сунуштады. Ал иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

18 жашка чыга электерге мындай суусундуктарды саткан жеке тараптарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом айып салуу демилгеси көтөрүлдү. Эгерде ушул эле укук бузуу бир жылдын ичинде кайталанса 20 миң сом жана 55 миң сом айып салуу сунушталды

Президент Садыр Жапаров 5-ноябрда энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө киргизүүгө тыюу салуу маселесин 1 айдын ичинде карап чыгуу, 6 ай аралыгында мыйзам алкагында жөнгө салуу тапшырмасын берген.

Президенттин жазганына караганда, 2025-жылы Кыргызстанда 25 млн 263 миң литр энергетикалык суусундук өндүрүлгөн. Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден 28 млн 430 миң литр, ал эми үчүнчү өлкөлөрдөн 1 млн 239 миң литр алып келинген. Бул тармактан түшкөн салык жана бажы төлөмдөрү 2025-жылы 1 млрд 104 млн 100 миң сомду, ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 996 млн 710 миң сомду түзгөн.

Мамлекет башчы Литва, Латвия сыяктуу өлкөлөрдө энергетикалык суусундуктарды кадимки дүкөндөрдө эркин сатууга чектөө коюлганын, Польшада 2024-жылдан баштап 18 жашка чейинкилерге сатуу мыйзам аркылуу токтотулганын, Казакстанда 2025-жылдын 1-январынан тартып 21 жашка чейинкилерге энергетикалык суусундуктарды сатууга толук тыюу салынганын мисал келтирген.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө же өлкөгө киргизүүгө тыюу салынса, республикалык бюджет түз жана кыйыр салыктардан болжол менен 1,5 миллиард сом кирешеден кол жууйт.

Энергетикалык суусундуктарга чектөө киргизүү боюнча маселе буга чейин да парламентте көтөрүлгөн. Октябрдын башында Жогорку Кеңеште энергетикалык суусундуктардын сатылышын жана алардын жашы жете элек балдарга жеткиликтүүлүгүн комплекстүү иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

Садыр Жапаров 2023-жылы өлкөдө энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салган мыйзамга кол койгон. Ага чейин курамында энергетикалык, сергитүүчү кошулмалары бар алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүдө жана өлкө аймагына ташып келүүгө акциздик салык салынган.

Кыргызстанда мыйзамга ылайык, организмге сергитүү таасирин камсыз кылган кофеин жана башка кошулмаларды камтыган алкоголсуз ичимдиктер энергетикалык суусундук катары саналат. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргыз өкмөтү кымбатчылыкты ооздуктоо үчүн 36,6 млрд сом бөлөтФранция: Айлыкты көбөйтүү талабы айтылган акцияда жүздөгөн адам кармалдыСанкциялык тобокелдиктен улам мамлекеттик банктар 284 компания менен иштешүүнү токтоттуОлешки операциясынын жыйынтыгы Ак үйдө талкууландыЫдык көрсөткөн жарандарды төрт жыл эркинен ажыратуу сунушталуудаТИМ Элистан Токтогуловдун согушка тартылышы боюнча Орусияга нота жиберди