АКШ администрациясы Украина үчүн коопсуздук кепилдиктери жана жалпы Европанын коопсуздугу боюнча жаңы программа даярдоодо. Бул демилге келерки аптада Абу-Дабиде өтө турган АКШ, Украина жана Орусия өкүлдөрүнүн үч тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөрүн утурлай жарыяланды.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 5-ноябрда Ак үйдө Орусия президенти Владимир Путиндин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев менен жолугушту. Ал Украинага гана эмес, бүтүндөй Европага тиешелүү болушу мүмкүн «чоң келишим» кабыл алынышы ыктымал экенин айтты.
«Бул масштабдуу келишим болот жана ал Украина менен эле чектелбейт. Атүгүл ал бүтүндөй Европага таасир этиши мүмкүн деп айтат элем. Бул чоң, мыкты келишим болот, ага баары ыраазы болот», - деди АКШ президенти журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Трамптын атайын өкүлү жана күйөө баласы Жаред Кушнер 5-ноябрда билдиргендей, сунушталган программа коопсуздук боюнча туруктуу консультацияларды, кризистик байланыш механизмдерин, аскердик ачык-айкындуулукту күчөтүүнү, чыңалууну азайтуу чараларын жана Европадагы узак мөөнөттүү коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоону камтыйт.
Кушнердин айтымында, демилге ар бир өлкөнүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоого негизделет. Ошондой эле эч бир мамлекет башка өлкөнүн коопсуздук жаатындагы чечимдерине же кайсы бир аскердик-саясий бирикмеге кошулуу укугуна бөгөт кое албайт. Анын сөзүнө караганда, НАТО Европанын жамааттык коргонуу системасынын негизги таянычы болуп кала берет.
АКШ, Украина жана Орусиянын үч тараптуу сүйлөшүүлөрү 10-11-ноябрда Абу-Дабиде өтөт.