АКШнын президенти Дональд Трамп Конгресске шайлоо өнөктүгүнүн акыркы апталарында Иран менен согуш «шайлоодон кийин дароо» аяктай турганын бир нече жолу айткан.
Шайлоонун жыйынтыгы чыкты. Республикачылар партиясы Конгресстин эки палатасында тең көпчүлүктөн ажырап, жеңилип калды. Вице-президент Жей Ди Вэнс мунун негизги себеби Иран менен согуш болгонун ачык айтты.
«Биздин утулганыбыздын себеби согуш», - деп жазды Вэнс 4-ноябрда X социалдык тармагына.
Трамп бул баа «негизинен туура» экенин моюнга алды. Бирок Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол берүүгө болбой турганын айтып, ошол эле чечимди кайра кабыл алууга даяр экенин билдирди.
Эми демократтар Конгресстеги бийликти колго алып, бюджетти жана комитеттердин күбөлөрдү чакыруу укуктарын көзөмөлдөй баштаганга чейин Трамптын эки айдай убактысы бар.
Бул аралыкта анын алдында үч негизги жол турат. Ачык сүйлөшүү жүргүзүү, аскердик аракеттерди күчөтүү же азыркы абалды сактап калуу.
«Демократтар бийликти бүгүн эле колго албайт. Эгер Трамп аскердик өнөктүктү кайра баштоону кааласа, шайлоого байланыштуу жагдайларды эске албай аракеттенүүгө эки ай убактысы бар», — деди АКШда иштеген улуттук коопсуздук боюнча эксперт Шаян Самии «Эркин Европа/Азаттыктын» иран кызматы «Фарда» радиосуна.
Самиинин айтымында, президент аскердик аракеттерди улуттук коопсуздукту камсыздоо зарылдыгы менен негиздей алат. Ал эми согушту чектеген мыйзам долбоору күчүнө кириши үчүн Трамп ага кол коюшу керек. Эгер президент вето койсо, аны жокко чыгаруу үчүн Конгресстин эки палатасында тең депутаттардын үчтөн экисинин добушу талап кылынат.
«Айрым эксперттер демократтар Иран Ислам Республикасы менен аскердик тирешүүнүн жүрүшүн өзгөртө алат деп эсептешет. Мен андай ойдо эмесмин», — деди Самии.
Биринчи сценарий: Согушту толук масштабда кайра баштоо
Трамп шайлоодон кийин Иранга каршы ири аскердик соккуларды кайра башташы мүмкүн экенин бир нече жолу кыйыткан. Маалыматтарга караганда, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху да аны ушундай кадамга барууга үндөгөн.
Эгер аскердик өнөктүк кайра башталса, АКШ менен Израил апрель айында колдонгон тактиканы кайталашы мүмкүн.
Анда эки өлкөнүн соккулары Ирандагы көпүрөлөргө, темир жолдорго жана энергетикалык инфраструктурага багытталган. Трамп Ирандагы «бардык электр станцияларын өрттөп кетерин» да эскерткен.
Ирандын мунай экспорттоочу негизги терминалы жайгашкан Харг аралында азырынча аскердик объектилер гана бутага алынган.
Вашингтон аралдагы энергетикалык инфраструктурага сокку урууга бара элек. Андай кадамга зарылдык да болгон эмес. Анткени Иран портторунун деңизден блокадага алынышы өлкөнүн мунай экспортун дээрлик нөлгө түшүргөн.
Бирок Римде иштеген ирандык коопсуздук боюнча эксперт Шахин Модаррес АКШ бул чектен да өтөт деп эсептейт.
«Тилекке каршы, мен алдыда өтө катуу согуш болорун көрүп турам», - деди ал «Фарда» радиосуна.
Эксперттин түшүндүргөнүнө караганда, Вашингтон буга чейин бир нече баскычтан өткөн.
Адегенде Иранды аскердик күч менен ооздуктоого аракет кылган. Андан кийин июнда түзүлгөн, Модаррестин баасында, Тегеран үчүн кыйла пайдалуу болгон, өз ара түшүнүшүү меморандуму ишке ашпай калган.
Мындан соң АКШ экономикалык кысымды күчөткөн. Анын ичинде катаал санкциялар киргизилип, авиакаттамдар кыскарып, Ирандын жердеги айрым чек аралары жарым-жартылай жабылган.
Бирок бул чаралар күткөн натыйжаны берген эмес.
Модаррестин айтымында, кийинки баскычта Вашингтон Тегеранды багынып берүүгө мажбурлоого аракет кылышы мүмкүн.
Мындай учурда «өлкөнүн инфраструктурасы, энергетика жана экономика тармактары» соккулардын бутасына айланат.
Мындан тышкары, Ирандын өзөктүк жана ракеталык программаларынан калган объектилер да бутага алынышы мүмкүн.
Алардын арасында Натанз шаарына жакын жайгашкан, катуу корголгон жер алдындагы «Пикэкс-Маунтин» (Pickaxe Mountain) комплекси бар. Трамп июль айынан бери бул объектке сокку уруу мүмкүнчүлүгүн айтып келет.
Модаррестин божомолунда, мындай аскердик өнөктүктүн максаты Иранды алсыратып, багынууга мажбурлоо болмокчу.
Андан кийин азыркы бийликтин айрым өкүлдөрү убактылуу болсо да өлкөнү башкарууну улантышы мүмкүн.
Бирок, эксперттин айтымында, мындай багынуу Ислам Республикасындагы азыркы саясий системанын толук кулашына да жол ачышы ыктымал.
Ошол эле учурда Тегеран соңку апталарда согуш кайра башталса, анын кесепети оор болорун эскертип келет.
31-октябрда Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи аскердик жетекчилерге жаңы чабуул болгон учурда «дароо, таасирдүү жана географиялык жактан эч кандай чектөөсүз жооп кайтарууга» даяр болууну буйруган.
Ал ошондой эле сокку урула турган объектилердин тизмесин кеңейтүүнү тапшырган.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу да Перс булуңундагы суу алдындагы байланыш кабелдерин бутага аларын эскерткен.
Корпус АКШнын Жакынкы Чыгыштан тышкары жайгашкан аскердик базалары жана аймактагы энергетикалык объектилер да чабуулга кабылышы мүмкүн экенин билдирген.
Тегеран буга чейинки 40 күндүк согуштан айырмаланып, жаңы жаңжалга дагы көп өлкө тартылышы мүмкүн экенин кыйытып жатат.
Согуштун толук масштабда кайра башталышы күйүүчү майдын баасын да дагы кымбаттатышы мүмкүн.
Экинчи сценарий: Бир жолу катуу сокку уруп, андан кийин согуштан чыгуу
Бул сценарийдин ишке ашуу ыктымалдыгы төмөн деп бааланганы менен, узакка созулган согушту каалабаган, бирок кандайдыр бир ийгилигин көрсөтүүнү көздөгөн президент үчүн ылайыктуу болушу мүмкүн.
Октябрдын аягында тараган маалыматтарга караганда, Трамптын администрациясы аймактагы өнөктөштөрүнө шайлоодон кийин Иранга каршы кыска, бирок катуу аскердик өнөктүк жүргүзүлүшү мүмкүн экенин эскерткен.
Мындай чабуулдун негизги буталарынын бири «Пикэкс-Маунтин» комплекси болушу мүмкүн.
Андан кийин Трамп Ирандын өзөктүк программасына жетиштүү зыян келтирилгенин жарыялап, Тегеран менен келишим түзүүгө аракет кылышы ыктымал.
Мындай келишимдин негизинде Иран Ормуз кысыгын кайра ачып, анын ордуна АКШ санкциялардын бир бөлүгүн жеңилдетиши мүмкүн. Ал эми өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөр кийинкиге жылдырылат.
Бирок бул сценарийдин да олуттуу тобокелдиктери бар.
Маалыматтарга караганда, «Пикэкс-Маунтин» комплексинин айрым бөлүктөрү жердин 80–100 метр тереңдигинде жайгашкан.
Ошондуктан объект толугу менен талкаланганын текшерип, ырастоо кыйын болот.
Ирандын аскердик командачылыгы «Хатам ал-Анбия» борбордук штабы бул тоодогу объектти бомбалоо бүтүндөй аймакта согуштун кайра башталышына барабар болорун эскерткен.
Муну менен Тегеран Трамп үчүн согуштун саясий жана каржылык чыгымдарын көбөйтүүнү көздөйт.
Үчүнчү сценарий: Согуш да жок, тынчтык да жок
Трамп азыркы абалды өзгөртпөй коюуну да тандашы мүмкүн.
Бул учурда АКШ «коргонуу максатындагы» чектелген соккуларды улантып, деңиз блокадасын сактап, Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелерди америкалык аскердик-деңиз күчтөрү коштоп жүрө берет.
Бирок азыркы кырдаал туруктуу эмес.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан октябрдын аягында өлкө «согуш да жок, тынчтык да жок» деген оор абалдан чыгышы керектигин айткан.
Шаян Самии да Ирандын аралдарындагы аскердик объектилерге улам бир сокку уруу сыяктуу жарым-жартылай чаралар узакка созула аларына ишенбейт.
Анын айтымында, 2027-жылдын ортосунан тартып Вашингтондун көңүлү 2028-жылдагы президенттик шайлоого бурулат.
Ошондо эки партиянын тең президенттикке талапкерлери Иран маселесин чечүүнү талап кыла баштайт. Анткени алардын эч кимиси бул көйгөйдү кийинки администрацияга мурас катары калтырууну каалабайт.
Төртүнчү сценарий: Убактылуу келишим түзүү
Азыркы учурда дипломатиялык аракеттердин эң жигердүү багыты Катардын ортомчулугу менен чектелген келишимге жетишүү.
Мындай келишим июнда кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумуна окшош болушу мүмкүн.
Ал меморандум согуштук аракеттерди кыска убакытка токтотуп, деңиз блокадасын алып салууга шарт түзгөн. Бирок кийин келишим бузулган.
Мунай базарындагы жагдай да ушундай келишим түзүлүшү мүмкүн деген күтүүлөр бар экенин көрсөтүүдө.
4-ноябрда Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы баррелине 100 доллардан төмөн түштү.
Иран Вашингтон өзүнүн жети шартын аткарса, Ормуз кысыгын эки күндүн ичинде кайра ачууга даяр экенин билдирген.
Бул шарттардын арасында деңиз блокадасын алып салуу, санкцияларды жеңилдетүү, аскердик соккулар токтотуларына кепилдик берүү жана Ливанды да камтыган аймактык ок атышпоо келишимине жетишүү бар.
Бирок Ирандын өзөктүк программасын камтыган кеңири келишимге жетишүү азырынча кыйла алыс көрүнөт.
Вашингтон Тегеран өзөктүк программасын кайра калыбына келтирбей турганына текшерүүгө мүмкүн болгон кепилдик берүүнү талап кылууда.
Ал эми Иран өзүнүн шарттары аткарылгандан кийин гана өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого даяр экенин айтууда.
Шахин Модаррестин пикиринде, дипломатия менен аскердик аракеттерди күчөтүү бири-бирине карама-каршы келбейт.
Анын айтымында, АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс да, мамлекеттик катчы Марко Рубио да 2028-жылдагы президенттик шайлоого катышуусу мүмкүн.
Экөө тең кандайдыр бир ийгиликке жетишсе, анын саясий пайдасын өзүнө ыйгарууну, ал эми ийгилик болбой калса жоопкерчиликти экинчисине жүктөөнү каалашы мүмкүн.
Бирок иш жүзүндө алар «жакшы полиция — жаман полиция» деген тактиканы колдонуп жатышат.
Башкача айтканда, бири катаал позицияны карманса, экинчиси сүйлөшүүгө даяр экенин көрсөтөт.
Модаррестин айтымында, мындай ыкма Тегеран үчүн акыркы учурга чейин, атүгүл согуш кайра башталгандан кийин да, багынып берүүгө мүмкүнчүлүк калтырат.
Күтүлбөгөн тоскоолдуктар
Бул төрт сценарийдин кайсынысы ишке ашарына бир нече жагдай таасир этиши мүмкүн.
Биринчиден, эгер Вашингтон Израил каршы болгон келишимге жакындап баратса, Израил өз алдынча аскердик аракетке барышы ыктымал.
Экинчиден, Ирандын ичиндеги саясий күчтөр да келишимге тоскоолдук жаратышы мүмкүн.
Июндагы өз ара түшүнүшүү меморандумунун бузулушуна жарым-жартылай Ирандагы катаал саясатты жактаган топтордун кемелерге каршы чабуулдарды уюштурганы себеп болгону айтылган.
Бул келишим Вашингтондун гана эмес, Тегерандын аракеттеринен улам да бузулушу мүмкүн экенин көрсөтөт.
Ошол эле учурда Иран бийлиги АКШдагы Конгресске шайлоонун жыйынтыгын өз позициясынын тууралыгынын далили катары кабыл алып жатат.
Шайлоого чейин эле айрым талдоочулар Тегеран согушта жеңип жатат деп эсептей турганын айтышкан.
Эми демократтардын Конгресстин эки палатасында тең жеңишке жетиши Иранды талаптарын дагы күчөтүүгө жана саясий мүмкүнчүлүктөрү чектелген Трамптын мөөнөтүнүн аякташын күтүүгө түртүшү мүмкүн.
Мындан тышкары, дагы бир маанилүү жагдай бар. Ал Дональд Трамптын өзүнүн чечими.
4-ноябрда журналисттер андан Иран менен согуш качан аяктарын сурашты.
Трамп 27-октябрда берген жообун кайталады.
«Мен качан кааласам, ошондо»- деди ал.
Шерине