Исхак Масалиев президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди

Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылды.

66 жаштагы саясатчы Ош шаарында туулган. 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин, 1994-жылы юридикалык факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1982-1986-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде мугалим болуп баштаган. 1989-1993-жылдары Ош облусунун ишки иштер органдарында иштеген. Андан соң Бажы кызматында да эмгектенген. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Андан соң парламенттин үч чакырылышында депутат болгон.

Буга чейин президенттик шайлоого талапкер болуп катышуу ниетин билдирип саясатчы Сыймык Жапыкеев, ишкерлер Аймен Касенов, Акай Кыдыров жана дагы бир жаран Азамат Эсенбеков БШКга арыз берген. Алар ушул тапта кол топтоп жатат.

Андан сырткары президент Садыр Жапаров, саясатчы Бектур Асанов да талапкерлигин коёрун айткан. Алар азырынча Боршайкомго арыз бере элек.

Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан Боршайкомдун эсебине 1 миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт. Талапкер мамлекеттик тилди “ортодон жогору” деңгээлде билиши керек жана “Кыргызтест” мекемесинде тапшырган тесттин жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясына бериши зарыл.

Конституциялык мыйзамга ылайык, президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндөгү чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 75 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-ноябрында аяктайт.

Адам өзүн өзү көрсөтүп же саясий партиялар талапкер чыгарса болот. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 2026-жылдын 23-декабрынан 2027-жылдын 26-январына чейин жүргүзүлөт. Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт. (BTo)

Дагы караңыз

Сот Тилекмат Кудайберген уулун кайрадан камакта калтырдыТрамп Украина жана жалпы Европа үчүн коопсуздук кепилдиктери сунушталарын айттыБектур Асанов президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун билдирди Франция: Айлыкты көбөйтүү талабы айтылган акцияда жүздөгөн адам кармалдыКУЭТ электр жарыгын керектөө кайра көбөйгөнүн билдирди24 кабат үйдүн курулушундагы кырсыкка байланыштуу компанияга чара көрүлдүКыргызстанда 18 жашка чыга электерге энергетикалык суусундук сатууга тыюу салуу сунушталды