“Легендарлуу парламенттин” депутаты, коомдук ишмер, академик Жамин Акималиев 6-ноябрда 90 жашында каза болду. Бул тууралуу президентке караштуу Улуттук илимдер академиясы билдирди.
Ал 1936-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган. Жамин Акималиев Кыргыз айыл-чарба институтун аяктаган. Селекция станциясында илимий кызматкер, директор, айыл чарба министринин орун басары болуп иштеген.
Ал Владимир Илич Ленин атындагы бүткүл союздук айыл чарба илимдер академиясынын (ВАСХНИЛ) академиги, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Орусиянын Илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, Кыргызстандын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери, Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери, илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы “Манас” орденинин алган.
Жамин Акималиев акыркы жылдары саясат, айыл чарба багытында пикирлери менен байма-бай бөлүшүп келген. (BTo)