"Кыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясын" чыгарууга даярдык көрүлө баштады

“Кыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясын” даярдоо маселеси талкууланган жыйын. 2026-жылдын 6-ноябры.

Кыргызстандын тарыхын, маданиятын жана руханий мурасын камтыган “Кыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясы” даярдалууда. 6-ноябрда мамлекеттик катчы Арслан Койчиев долбоордун концепциясын иштеп чыгуу боюнча мекеме аралык жумуш тобунун алгачкы жыйынын өткөрдү.

Басылмага кыргыз элинин тарыхы жана мамлекеттүүлүгү, “Манас” эпосу жана манасчылык өнөрү, кыргыз тили жана адабияты, улуттук музыка, искусство, архитектура, кол өнөрчүлүк, салттуу турмуш-тиричилик, улуттук тамак-аш маданияты, элдик билимдер, улуттук спорт жана көрүнүктүү инсандар тууралуу маалыматтарды киргизүү каралууда.

Долбоордо ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынын тарыхый-маданий мурастарын жана кыргыз элинин дүйнөлүк цивилизациядагы ордун кеңири чагылдыруу пландалууда.

Арслан Койчиев энциклопедиянын мазмунундагы маалыматтар илимий тактыкка, тарыхый ишенимдүүлүккө жана толуктукка негизделиши керектигин белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында жумуш тобуна энциклопедиянын тематикалык багыттарын тактоо, маалымат булактарын жана эксперттерди аныктоо, ошондой эле концепциянын түзүмү менен аны ишке ашыруу этаптарын иштеп чыгуу тапшырылды.

Дагы караңыз

Исхак Масалиев президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн БШКга арыз бердиКыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү өтүүдөТрамп Украина жана жалпы Европа үчүн коопсуздук кепилдиктери сунушталарын айттыАКШ Ирандын өзөктүк программасы тууралуу маалымат үчүн 20 млн доллар убада кылды