Лондондо 9-ноябрда 2026-жылдагы эл аралык адабий Букер сыйлыгынын лауреаты жарыяланды. Бул жолу абройлуу сыйлыкка 81 жаштагы британиялык жазуучу Майкл Жон Харрисон (адабий чөйрөдө М. Жон Харрисон деп таанымал) татыды.
Жеңүүчүгө 50 миң фунт стерлинг (дээрлик 60 миң евро) өлчөмүндөгү сыйлык тапшырылат. Британ басылмаларынын маалыматына караганда, Харрисон Букер сыйлыгын алган тарыхтагы эң улуу курактагы жазуучу болуп калды.
Сыйлыкка жазуучунун «The End of Everything» («Баарынын аягы») аттуу сатиралык антиутопиялык романы татыган.
Романда Ла-Манш кысыгынын жээгиндеги жакынкы келечек сүрөттөлөт. Калыстар тобунун төрайымы, тарыхчы Мэри Бирд бул чыгарманы «азыркы саясатты келечектин призмасы аркылуу көрсөткөн роман» деп баалады. Анын айтымында, китеп өзү туш болгон кырсыктын маңызын толук түшүнө албаган коом тууралуу баяндайт.
Быйылкы кыска тизмеге алты роман кирген. Алардын арасында мурда Букер сыйлыгына татыган ямайкалык жазуучу Марлон Жеймс жана шотландиялык калемгер Дуглас Стюарт да болгон.
Букер сыйлыгы 1969-жылы негизделген жана англис тилдүү адабияттагы эң абройлуу сыйлыктардын бири болуп эсептелет. Өткөн жылы сыйлык жазуучу Дэвид Салейге берилсе, 2024-жылы анын лауреаты Саманта Харви болгон.