Адылбек Касымалиев Кунакуновдун өлүмүн териштирүүнү тапшырды

Амир Кунакуновдун тажыясы. 10-ноябрь, 2026. Бишкек шаары.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 14 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмүн ар тараптуу текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы 10-ноябрда билдирди.

"Өзгөчө көңүл жардам тууралуу белгини кабыл алуунун жана өткөрүп берүүнүн өз убагында болушуна, издөө-куткаруу операциясын уюштурууга, бөлүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле техникалык жана адам ресурстарын пайдаланууга бурулат", - деп жазылган билдирүүдө.

Жыйынтыккка ылайык, уюштуруучулук жана системалык мүнөздөгү зарыл чаралар аныкталары, ал эми мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чечимдер кабыл алынары белгиленген.

7-ноябрдан бери Ала-Арча капчыгайында изделип жаткан Амир Кунакуновдун сөөгү 9-ноябрда табылган. 10-ноябрда Бишкекте анын тажыясы өтүп, жерге берилди.

Дагы караңыз

"Жардамды аягына чейин жылбай күтүптүр". Амирдин өлүмү, ӨКМдин дарегине сын

Жакындарынын айтымында, Амир Кунакунов 7-ноябрда эртең мененки саат 7лер чамасында Ала-Арчада чуркоо боюнча мелдешке катышуу үчүн үйдөн чыккан. Уюштуруучулар анын жаш курагына байланыштуу мелдешке катыштырбай коюп, ал Адыгене капчыгайы тарапка басып кеткени айтылган.

Кечке жуук саат 19:00дө ал өзү ӨКМге чалып, адашып кеткенин кабарлаган. Андан кийин байланыш үзүлгөн. ӨКМ “Эдельвейс” куткаруучулар тобу менен ошол күнү 22:00дө гана байланышууга мүмкүн болгонун, ал топ Рацек аймагында эвакуация иштерин жүргүзүп жүргөнүн билдирген. Куткаруучулар тобунун үч куткаруучусу Кунакуновду издөөгө киришкени айтылат.

9-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өспүрүмдү издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган. Издөө операциясына ӨКМдин кызматкерлеринен тышкары альпинисттер, дрон учурган ыктыярчылар жана тик учактар да катышкан.

Баланы издөө иштери боюнча коомчулукта талкуу жүрүп, ӨКМдин дарегине ыкчам аракет болгон эмес деген таризде сын-пикирлер көп айтылып жатат.

Каза болгон бала Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Максат Кунакуновдун уулу. Жаза аткаруу кызматы Кунакуновго уулун узатуу зыйнатына катышууга уруксат берилгенин 9-ноябрда билдирген.

Дагы караңыз

Кунакуновдун өлүмү: Ташиев өзгөчө кырдаалдар министринин аракетин сындады320дан ашуун ишкер мыйзамсыз текшерүү боюнча прокуратурага даттандыЭлектро чокусунда каза болгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдун тажыясы өттүАбактагы Султанбеков менен Атамбаев парламент төрагасынан депутаттык комиссия түзүүнү суранды