Эл аралык Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору (OCCRP) 11-ноябрда иликтөө жарыялап, кыргыз өкмөтү Ысык-Көлдөгү кымбат баалуу «Барс» эс алуу жайын Батыштын санкциясына кабылган орусиялык «Евразия» уюмунан каржылык колдоо алган анча белгилүү эмес уюмга сатканын жазды.
«Барс» эс алуу жайы 2023-жылы атайын кызматтын операциясында өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевден мамлекеттин карамагына өткөн. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК), иликтөөдө айтылгандай, анын баасын 20 миллион доллар деп баалаган.
OCCRP президент Садыр Жапаров эс алуу жайы өз наркынан эки эсе кымбатка, 12 миллион долларга сатылып, акча мамлекеттик бюджетке түшкөнүн билдиргенин, бирок иликтөө андай кирешени тастыктаган далилдерди таба албаганын, бул кымбат эмес, арзан баа экенин, анткени УКМК өз убагында 20 миллион доллар деп эсептегенин жазды.
Иликтөөдө айтылгандай, «Барсты» коомчулукка дээрлик белгисиз «Эл биримдиги» («Единство народа») аттуу коммерциялык эмес уюм 2025-жылы сатып алган.
OCCRP буга чейин да «Евразия» уюму Молдовадагы шайлоо өнөктүктөрүнө кийлигишүүгө жана Кремлдин кызыкчылыгын көздөгөн таасир операцияларына байланыштуу санкцияга кабылганын жазган. Иликтөөдө «Евразияны» мекенинде алдамчылык жана акча адалдоо боюнча сыртынан 15 жылга кесилген молдовалык олигарх Илан Шор менен байланыштырышат. Шор негиздеген A7 төлөм тармагы Кыргызстанды акча которуулар үчүн транзиттик өлкө катары колдонору да буга чейин маалымат каражаттарында айтылган.
Шор менен «Евразиянын» өкүлдөрү OCCRPнин комментарий берүү өтүнүчүнө жооп беришкен эмес.
Кыргызстан Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борборунун соңку иликтөөсүнө байланыштуу комментарий бере элек.
Президент Жапаров Көлбаевге тиешелүү "Барс" эс алуу жайын мамлекеттин пайдасына эки эсе кымбат баада Ширшов сатып алганын өткөн айда Токтогулда эл менен жолугушуусунда айткан. Ал энергетикадагы коррупциянын башында турган делген Ширшовдун ысымын саясатчылар бийликке каршы сын үчүн колдонуп келгенин белгилеген.
Ширшов мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин, андан кийин Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү болгону айтылып жүрөт. 2005-жылдагы Март ыңкылабында өлкөдөн чыгып кетип, кийин кайра келип, жогорку кызматтарда ишин уланткан. 2010-жылы Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаганда ага издөө жарыяланган.
2026-жылы сентябрда Алексей Ширшов өзүнүн атындагы фондду “жеке каражатынын эсебинен каржылап жатканын”, “эч кандай саясий дымагы жок экенин”, “Каракол жубайы ушул шаардан болгондуктан тандалганын” айткан видеотасма жарыяланган.
Муну менен ал биринчи жолу коомчулукка ачыкка чыккан. Буга чейин Кыргызстанга байма-бай келип, айрым мамлекеттик иштерге да аралашканы тууралуу сөздөр айтылып, бийлик аны четке каккан.
УКМКнын мурдагы жетекчилигинин тушунда жемкорлукка каршы жүргүзгөн иштин натыйжасында мамлекетке 4 миллиард долларлык киреше түшкөнү тууралуу маалыматы негизсиз экенин 13-августта президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго курган маегинде билдирген.
УКМКны Камчыбек Ташиев башкарып турганда коррупцияга каршы күрөш деген негизде мүлкүнөн, бизнесинен мыйзамсыз ажыратылганын айткан жүздөгөн адам ал кызматтан алынгандан кийин арызданып чыгышкан. Ташиев күнөөсү жок экенин айтып келет.