Вице-мэр Алиев Бишкекте унаа санын чектөө керектигин айтты

Бишкек. Архив сүрөт.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев жол тыгыны маселесин чечүү үчүн унаа кыймылына чектөө киргизүү керектигин билдирди. Ал мындай пикирин 12-ноябрда Жогорку Кеңештеги “Ала-Тоо” депутаттык тобунун жыйынында айтты.

Бишкек шаары 250-300 миң унаага ыңгайлашканын айткан вице-мэр учурда каттоодо 503 миң унаа турганын, мындан тышкары каттоосу башка жакта болуп, борбор калаада жүргөнү көп экенин белгиледи.

Алиевдин айтымында, мэрияда 2030-жылга чейин жол тыгын көйгөйүн чечүү боюнча концепциясы бар.

“Тыгындын эң негизги себеби – унаа саны. Машина саны жылдан жылга өсүп жатат. Эки жыл мурун эле 460 миңдин тегерегинде болсо, азыр 503 миң болуп калды. Ооба, биз тыгынга каршы күрөшөбүз. Түйүндөр салынат, акылдуу жол чырактар жана башка иш-чаралар болот. Мындайда тыгын 30% азаят. Дүйнөлүк практиканы алсак, унаа санына чектөө киргизбесек болбойт. Муну айтсам, коомдо терс пикир болуп жатат. Бирок буга келебиз, эртеңби же андан кийинби, унаа санына чектөө киргизүү керек. Мэрияда азыр мындай чаралар каралган эмес”, - деди Алиев.

Депутат Болотбек Борбиев бул багытта узак мөөнөттүү программа кабыл алып, комплекстүү иш алып барууну сунуштады. Ал жөө жүргүнчүлөр жүргөн тилкелер да кооптуу болуп калганын белгилеп, тартипке салуу зарылдыгын айтты.

Мэр Айбек Жунушалиев 2024-жылдын июнь айында борбордо 416 миң 837 автоунаа катталганын, мындан сырткары кирди-чыкты машинелерди эске алганда Бишкекте күнүнө 700 миңден ашык транспорт кирип жатканын айткан. Мэр ошол эле маалда калаанын унаа өткөрүү жөндөмдүүлүгү 350 миң машинага эсептелгенин билдирген.

Акыркы жылдары Бишкекте жол тыгыны негизги көйгөйлөрдүн бирине айланды. Адамдар эртели-кеч сааттап жол тыгынында калганын айтып арызданууда.

Дагы караңыз

Жапаров шайлоо алдында "улут аралык жаңжал чыгаргысы келгендер бар экенин" айтты Канада орусиялык хоккейчилерди жаштар чемпионатына киргизбей турганын билдирдиМамбетжунус Абылов президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн БШКга арыз бердиОрусия тарапта согушкан чет элдиктердин 11 миңинин өлүмү тастыкталганы маалымдалды