ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Мамбетжунус Абылов президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди

Мамбетжунус Абылов
Мамбетжунус Абылов

Саясатчы Мамбетжунус Абылов президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн 12-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берди.

72 жаштагы Мамбетжунус Абылов Токтогул районунун Жаз-Кечүү айылында туулган.

1995-1996-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы болгон.

1996-1998-жылдары өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу министри кызматын аркалаган.

1998-2003-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп турган.

2010-2013-жылдары Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болгон.

Абылов бир нече саясатчы, активисттердин катарында "Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталып, алгач райондук, кийин Бишкек шаардык сотунда акталган.

Ушуну менен президенттик шайлоодо талапкер болуу үчүн арыз берген жарандардын саны он кишиге жетти. 11-ноябрда саясатчы Бактыбек Калмаматов, Бактыбек Адылов жана ишкер Айба Амур Медер Боршайкомго арыз калтырган.

Андан мурда президент Садыр Жапаров да БШКга арыз жазган.

Тизмеде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев, саясатчы Сыймык Жапыкеев, ишкерлер Аймен Касенов, Акай Кыдыров жана дагы бир жаран Азамат Эсенбеков да бар.

Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек.

Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан Боршайкомдун эсебине 1 миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт. Талапкер мамлекеттик тилди “ортодон жогору” деңгээлде билиши керек жана “Кыргызтест” мекемесинде тапшырган тесттин жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясына бериши зарыл.

Конституциялык мыйзамга ылайык, президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндөгү чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 75 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-ноябрында аяктайт.

Адам өзүн өзү көрсөтүп же саясий партиялар талапкер чыгарса болот. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 2026-жылдын 23-декабрынан 2027-жылдын 26-январына чейин жүргүзүлөт.

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.

​
XS
SM
MD
LG