Конституциялык соттун мурдагы судьясы, саясатчы Клара Сооронкулова президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн 12-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берди.
57 жаштагы Сооронкулова 2010-2011-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, 2011-2015-жылдары Конституциялык палатанын судьясы болгон.
2020-жылы парламенттик шайлоодо “Реформа” партиясын жетектеген.
2021-жылы өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон.
Сооронкулова бир нече саясатчы, активисттердин катарында "Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталып, алгач райондук, кийин Бишкек шаардык сотунда акталган.
Ушуну менен президенттик шайлоодо талапкер болуу үчүн арыз берген жарандардын саны 11 кишиге жетти. Мунун алдында саясатчы Мамбетжунус Абылов арыз жазган.
11-ноябрда саясатчы Бактыбек Калмаматов, Бактыбек Адылов жана ишкер Айба Амур Медер Боршайкомго арыз калтырган.
Андан мурда президент Садыр Жапаров да БШКга арыз берген.
Тизмеде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев, саясатчы Сыймык Жапыкеев, ишкерлер Аймен Касенов, Акай Кыдыров жана дагы бир жаран Азамат Эсенбеков да бар.
Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек.
Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан Боршайкомдун эсебине 1 миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт. Талапкер мамлекеттик тилди “ортодон жогору” деңгээлде билиши керек жана “Кыргызтест” мекемесинде тапшырган тесттин жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясына бериши зарыл.
Конституциялык мыйзамга ылайык, президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндөгү чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 75 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-ноябрында аяктайт.
Адам өзүн өзү көрсөтүп же саясий партиялар талапкер чыгарса болот. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 2026-жылдын 23-декабрынан 2027-жылдын 26-январына чейин жүргүзүлөт.
Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.