Бейшембиде Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ президентинин атайын чабармандары Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен жолугушуусу эки жарым саатка созулду.
АКШлык өкүлдөрү андан ары украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу үчүн Дублинге жөнөп кетишти. Украиналык телеграм-каналдар бул жолугушуунун башталышынан кадрларды көрсөтүштү.
Путин менен жолугушуудан кийин Стив Уиткофф “жылыш бар экенин” журналисттерге билдирди.
“Башкалар үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандандырарыбызга ишенген эмес. Биз аларды жандандырдык. Биз жаңы жолугушууну белгиледик”, – деди ал. Уиткофф сүйлөшүүлөргө Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кошуларын кошумчалады. Жаңы жолугушуу качан болорун тактаган жок.
Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков “сүйлөшүү жана пикир алмашуу абдан мазмундуу, конструктивдүү жана пайдалуу болгонун” билдирди. Ушаковдун айтымында, Москвада Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрү жаңы узак мөөнөттүү коопсуздук чараларынын шарттарын макулдашуу боюнча ишти колдойт деп үмүттөнүшүүдө.
Ушаков белгилегендей, бул жаатта Путин 2021-жылы эле Орусия тарабынан АКШ менен НАТОго коопсуздук кепилдиктери боюнча макулдашуулардын долбоору түрүндө сунушталган талаптарды эске салып, эми ал тизмеге Орусия тарап «айрым жаңы сунуш-пикирлерди» кошууну көздөп жатканын кошумчалады.
Буга чейин маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө Путин америкалык сүйлөшүүчүлөрдөн АКШ президенти Дональд Трампка ортомчулугу үчүн жана анын жубайы Мелания Трампка Олешкинин тургундарын эвакуациялоо үчүн гуманитардык элдешүүнү уюштурганы үчүн ыраазычылык айтып коюуну суранган.
Путин Донецк облусунун Константиновка шаарында дагы ушундай гуманитардык элдешүү жарыялоону сунуштады. Орусиялык аскерлер бул шаарды көзөмөлгө алганын билдиришсе, украиналык аскерлер ал жакта салгылашуулар уланып жатканын айтышууда. Колдо болгон ачык маалыматтарга ылайык, Константиновканын бир бөлүгү гана Орусиянын көзөмөлүндө.
Украин президенти Владимир Зеленскийдин кеңсеси бул сунушка жооп кайтарды.
"Алешкиге (Олешкини Орусия ушундай атайт) гуманитардык операцияга жамынып алып техника киргизип, аскерлерин алмаштырганын эске алсак, алар Константиновкада эмнени каалап жатканы түшүнүктүү. Бирок бардык деталдарды тактап чыгуу керек", – деп билдирди президенттин коммуникация маселелери боюнча кеңешчиси Дмитрий Литвин.
Жолугушууда Путин ошондой эле Орусия үчүн Украина менен "бир гана чек ара сызыгы" бар экенин, ал мамлекеттик чек ара экенин билдирди. Бул Москва Донецк облусун толук алуу менен чектелбей, Херсон жана Запорожье облустарынын өзүнө карабаган бөлүктөрүн да өткөрүп берүүнү талап кылып жатканынан кабар бериши мүмкүн деп айтылууда. Анткени бул украиналык аймактардын баары Орусиянын Конституциясында "орусиялык" деп жазылган. Бирок Путин өз сөзүн чечмелеген жок. Ал ошондой эле Украинанын аймагында чет элдик аскерлердин болушуна каршы пикирин билдирди.
Уиткофф жолугушууда туткундарды алмашуу боюнча жетишилген макулдашуу жылыш бар экенин тастыктап турганын айтты.
Дональд Трамптын күйөө баласы Кушнер буга чейин Украина боюнча сүйлөшүүлөргө европалык тарапты кошууну макулдашуу керектигин белгилеген. Көптөгөн Европа өлкөлөрү – Украинага орусиялык баскынчылыктан коргонууга жардам берип жаткан негизги өнөктөштөрү.
"Биздин максат – сүйлөшүүлөрдүн көп тараптуу форматка өтүшүнө жетишүү», - деген Кушнер.