Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо талапкер болом деген жарандардан арыз кабыл алуунун мөөнөтү аяктаганын билдирди. 13-ноябрга чейин 11 жарандан арыз түшкөн.
«Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 8-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш», - деп билдирди БШК.
Арыз берген жарандардын документтерин кабыл алуу 13-декабрга чейин уланат. Ал эми талапкерлерди каттоо 23-декабрга чейин жүргүзүлөт.
12-ноябрда Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, саясатчы Мамбетжунус Абылов БШКга арыз берген.
11-ноябрда саясатчы Бактыбек Калмаматов, Бактыбек Адылов жана ишкер Айба Амур Медер Боршайкомго арыз калтырган.
Андан мурда президент Садыр Жапаров да БШКга арыз берген.
Тизмеде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев, саясатчы Сыймык Жапыкеев, ишкерлер Аймен Касенов, Акай Кыдыров жана дагы бир жаран Азамат Эсенбеков да бар.
Президенттик шайлоо келерки жылдын 27-январында өтөт.