Бишкекте Манас көчөсүндөгү тилкеге 6 миң түп дарак отургузулду

Бишкекте Манас көчөсүндөгү тилкеге 6 миң түп дарак отургузулду. 14-ноябрь, 2026-жыл.

14-ноябрда Бишкек шаарындагы Манас көчөсүндө жашылдандыруу акциясы өтүп, бир тилкеге бир убакта 6 миң түп көчөт отургузулду.

Иш-чарага мэр Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, активисттер жана шаар тургундары катышты.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, отургузулган көчөттөрдүн бийиктиги 3 метрден 6 метрге чейин жетет. Анын ичинде 5 263 гибрид терек, 700 тал, 37 алма көчөтү бар. Аларды учурунда сугарып туруу үчүн автоматтык сугат системасы орнотулду. Ошондой эле бул тилкеге көп жылдык бадалдар жана гүлдөр отургузулат.

Бишкекте Манас көчөсүндөгү тилкеге 6 миң түп дарак отургузулду. 14-ноябрь, 2026-жыл.

Мэр акциянын катышуучуларына ыраазычылык билдирип, шаардагы жашыл аймактарды көбөйтүү иштери улантыларын белгиледи.

Мэриянын маалыматында, отургузулган бардык көчөттөр Бишкек шаардык "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын питомнигинде өстүрүлгөн.

Жыл аягына чейин Бишкек боюнча отургузулган дарактардын жалпы санын 30 миңге жеткирүү пландалууда.

Экологдор жана активисттер Бишкектин мэри Айбек Жунушалиевди шаардагы бак-дарактардын кыйылганы үчүн сындап келишет. Алар борбор калаада акыркы жылдары көчөлөрдү кеңейтүү максатында жол жээгиндеги бактарды кыюу арбыганын белгилешүүдө.

"Арча демилгеси" коомдук фонду 2024-жылы Бишкек шаарындагы 250 миңдей түп бак-дарак Бишкектин аянтынын 10% да түзбөсүн изилдеп чыккан.

Бишкек мэриясы Чыңгыз Айтматов проспектинин боюндагы теректерди кыюуну ордуна жаш бак отургузуу максаты менен түшүндүргөн. Мэрия муну дарактардын айрымдарына 50-60 жыл болуп, алар картайып, кооптуу болуп калганын жүйө кылган. Иш жүзүндө аталган проспекттеги кыйылган бактардын орду жолду кеңейтүүгө алынган.(ZKo)

Дагы караңыз

Зеленский АКШ өкүлдөрү Донбассты НАТОго айырбаштоо маселесин көтөргөнүн айттыОрусия Винница шаардык сотунун үч судьясына издөө жарыяладыВенгриянын мурдагы министринин ар кайсы дарекке жана токойго каткан 20 миллионго жакын доллары табылдыБлогерликтен парламентке: "Чанган" деген эмне?Ош: Камчыбектин түрмөсү, репрессия көрүстөндөрү