Германия, Австрия, Нидерланд, Дания жана Греция 16-ноябрда Венада өткөн министрлердин жолугушуусунда Раундадагы мигранттардын лагери тууралуу долбоорду сунуштады. Ага ылайык, лагерге ушул эле өлкөлөрдө башпаанек алуу өтүнүчү четке кагылган мигранттар жөнөтүлөт. Пилоттук долбоор 100 адамга, тагыраак айтканда, катышуучу өлкөлөрдүн ар биринен 20 адамга эсептелген.
Уюштуруучулардын планы боюнча, Европа кабыл алуудан баш тарткан, бирок ар кандай себептерден улам өз мекенине кайта албаган мигранттар Руандадагы лагерге жөнөтүлөт. Руанданын тышкы иштер министри Винсент Бирута бул долбоорду колдоп, аны "өнөктөш өлкөдө калуу укугунан ажыраган адамдар үчүн экинчи мүмкүнчүлүк" деп атады. Лагерди куруу жана иштетүү иштерин Европа өлкөлөрү каржылайт.
Нидерланд өкмөтүнүн билдирүүсүнө караганда, келечекте бул лагерь жашы жете электерди эске албаганда Европа башпаанек берүүдөн баш тарткан бардык мигранттарды кабыл алат. Пилоттук долбоордун алкагында лагерге Руандага жакын жайгашкан африкалык өлкөлөрдөн келген, үй-бүлөсү жок эркектерди гана жөнөтүү пландалууда. Документке ылайык, алар коомго аралашууга, жашоого уруксат алууга, ошондой эле билим алуу, жумушка орношуу жана саламаттыкты сактоо кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондой эле алар каалаган убакта өз мекенине кайтып баруу укугун сактап калышат. Мигранттарды Руандага алгачкы көчүрүү иштери 2027-жылы башталат деп күтүлүүдө.
Венада министрлер чогулган имараттын алдына 100гө жакын демонстрант чогулуп, адамдарды Руандага депортациялоо пландарына каршы нааразылык билдиришти.
Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму Руанданын кабыл алуучу өлкө катары тандалышына каршы чыгып, ал жакта репрессия, мыйзамсыз камоо жана кармалгандарга карата катаал мамиле болгонуна жетиштүү далилдер бар экенин, ошондой эле Руанда бийлиги коңшулаш Конго Демократиялык Республикасындагы куралдуу козголоңчул топторду колдой турганын билдирди.
"Депортацияланган адамдарды кабыл алганы үчүн Руандага акы төлөө мигранттарга келтирилген зыянды жана алар тартканы азап-тозокту гана колдоо эмес, өз өлкөсүндө да, чет өлкөлөрдө да адам укуктарынын одоно бузулушуна жооптуу болгон өкмөттү каржылоо болуп эсептелет", - деп билдирди Human Rights Watch уюмунун өкүлү Клементин де Монтжойе.
Руанда мыйзамсыз миграцияга каршы күрөштө Европа үчүн өнөктөш катары биринчи жолу чыгып жаткан жок. 2022-жылы Улуу Британиянын Борис Жонсон жетектеген консервативдик өкмөтү Африкадан барган бардык мыйзамсыз мигранттарды Руандага жөнөтүүнү сунуштаган. Бул пландын алкагында Улуу Британия өкмөтү африкалык башкалка издөөчүлөрдү ал жакка жөнөтүү боюнча макулдашуу үчүн 140 миллион фунт стерлинг каражат да бөлүп койгон эле. Бирок бул план ишке ашкан эмес.