Ош шаарында 1980-жылы туулган А.Ш. аттуу жактоочу бычак жеп, ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 17-ноябрда кабарлады.
Милициянын маалыматында, окуя 16-ноябрда катталган жана ал тууралуу алгач шаардык ооруканадан маалымат түшкөн.
Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда, кылмыш боюнча 1966-жылы туулган А.Г.нын үйүнө кароо жүргүзүлүп, күбө катары суралган. Көрсөтмөсүндө ал жабырлануучу А.Ш. менен эч кандай пикир келишпестикке барбаганын билдирген. Ал муну карызды төлөөбөө аракети катары сыпаттаган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө А.Ш аттуу жактоочу үйүнө өзү келгенин жана денесине залал кетирбегенин билдирген. Милиция бул маалыматтар текшерилип жатканын билдирүүдө.
Бычак жегени айтылган жактоочу текшерүүдөн өткөрүлгөндөн кийин операциялык бөлмөгө жеткирилген. Экинчи тараптын көрсөтмөсү абалы турукташканда алынары белгиленди.
Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам текшерүү иштери уланып жатканы айтылды.
Жактоочу А.Ш. (Шумкар Абжапаров) Алманбет Анапияевдин бир тууганы А.Г.М (Галмамат Анапияев) аттуу жарандын арызынын негизинде быйыл августта бир айга камалган.
Анапияев "Азаттыктын" суроосуна жооп берип, 2024-жылы Абжапаров анын жактоочусу болгонун, ошол учурда УКМКга төкчү акчасынын жарымы берилбей калганын билдирди.
2024-жылдын июль айында УКМК “алдамчылык” фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон маркум Алманбет Анапияевдин бир тууганы А.Г.М аттуу жаранды кармаган.
Маркум Алмамбет Анапияевдин бир тууган агасы Галмамат Анапияев мурдатан коомдук-саясий турмушка аралашып жүрөт. Ал 2015-жылы Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын Ош шаардык башкармалыгынын башчысы болуп турган маалда пара алууга шектелип кармалган.
2020-жылы Октябрь окуялары күчөп, Бишкекте нааразылыктар күчөп жаткан маалда Галмамат Анапияев Ош облустук администрациясына кирип барып, өзүн “элдик губернатор” деп жарыялап жиберген. Жаңы бийлик толук бекиген соң кызматтан кеткен. (КЕ)