Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Кыргызстандын футбол боюнча U-17 курамасы менен Йемендин футболчуларынын жаңжалынан эч ким жабыр тартпаганын билдирди.
Шаардык милиция “спортчулардын ортосунда массалык мушташ болду” деген маалымат чындыкка дал келбесин, футболчулар кыска убакытка гана жаңжалдаша кеткенин кошумчалады.
“Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында окуя болгон жерде жүргөн Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери кырдаалга ыкчам кийлигишип, жаңжалды токтотуп, абалды жөнгө салышкан”, - деп айтылат маалыматта.
17-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча U-17 курамасы менен Йемендин өспүрүмдөр курамасы ойноп, беттеш 0:0 эсебинде аяктаган. Оюн Азия Кубогунун тандоо этабынын алкагында өттү.
Буга чейин социалдык тармактарда тараган видеолордон эки өлкөнүн спортчулары оюн талаасында бири-бирин кубалап, жулмалашып жатканын көрүүгө болот. (BTo)