Орусияда 1-январдан тартып чет өлкөлүк жумушчулардын, анын ичинде кыргызстандыктардын кирешеси тууралуу маалыматтын жоктугу эмгек патентин же иштөөгө уруксатты берүүдөн баш тартууга, ошондой эле буга чейин берилген документтерди жокко чыгарууга негиз болот. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.
Орусиянын Ички иштер министрлигине караштуу миграция кызматынын маалыматына караганда, мигранттын акыркы үч, алты, тогуз жана он эки айдагы расмий кирешеси тууралуу маалымат мамлекеттик базаларда жок болсо, ага иштөөгө уруксат берилбей калат.
Мындан тышкары, 2027-жылдан тартып чет өлкөлүк жарандар өзүн жана өзү менен жашаган үй-бүлө мүчөлөрүн камсыздоого жетиштүү кирешеси бар экенин тастыкташы керек. Минималдуу киреше өлчөмү жашоо минимумуна жана аймактык коэффициенттерге жараша эсептелет.
Жаңы эрежелер мигранттардын балдарына да тиешелүү болот. Алар ата-энесинин документтеринин мөөнөтү бүткөнгө чейин жана 18 жашка чыкканга чейин гана Орусияда жашай алышат. Жашы жеткенден кийин 30 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүгө же өз алдынча иштөөгө уруксат алып, жумушка орношуусу зарыл.
Орус бийлиги бул чаралар эмгек миграциясын көзөмөлдөөнү күчөтүү жана социалдык тармакка түшкөн жүктү азайтуу үчүн киргизилип жатканын билдирүүдө.
Расмий статистикага ылайык, быйыл январь-сентябрь айларында Орусияга иштөө үчүн 289 миңден ашуун кыргызстандык барган. Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан Өзбекстан жана Тажикстандан кийин үчүнчү орунда турат.