Өзбекстанда 2027/2028-окуу жылынан тартып соттолгондор жогорку окуу жайларга тапшырып, келишимдик негизде аралыктан билим ала алышат. Бул чара президент Шавкат Мирзиёев кол койгон «Янги ҳаёт» («Жаңы жашоо») программасынын алкагында ишке ашырылат.
Өзбекстандын Юстиция министрлиги билдиргендей, абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатып окуу жайына кабыл алынгандар үчүн түзөтүү мекемелеринде видеоконференция өткөрүүгө ылайыкталган атайын бөлмөлөр жабдылат. Бул аларга абактан чыкпай эле онлайн сабактарга катышууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, 2027/2028-окуу жылына чейин жаза аткаруу мекемелеринде 310 окуу классын жана практикалык сабактар үчүн 420 бөлмөнү жабдуу пландалууда. 2030-жылга чейин эмгек рыногунда суроо-талап жогору болгон кеминде 50 кесип боюнча окутуу программалары киргизилет.
Маалыматка караганда, жыл сайын 15 миңден 20 миңге чейин соттолгон адам кесиптик билим ала алат. Бийлик муну менен соттолгон адамдардын кайрадан кылмышка кириптер болушун 30% кыскартууну көздөөдө.
Жаштар арасынан активдүү катышуучулар тандалып, ар үч ай сайын сый акы берилет. Ошондой эле бардык түзөтүү мекемелеринде аралыктан өткөрүлүүчү «Ёш китобхон» («Жаш китеп окуучу») сынагы уюштурулуп, китепканалар «Мутолаа» платформасына туташтырылат. Бул соттолгондорго китептерди электрондук, аудио жана видео форматтарда окуп, угууга шарт түзөт.
Ушул жылдын март айында Шавкат Мирзиёев эркинен ажыратылган жаштарды социалдык жактан реабилитациялоо боюнча дагы бир токтомго кол койгон. Документ алардын заманбап кесип жана чет тил өздөштүрүүсүнө багытталган.
Шерине