Орусиянын президенти Владимир Путин Кытайдын Шэнчжэн шаарына Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (АТЭС) саммитине катышуу үчүн барып, 18-ноябрда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Эки лидердин сүйлөшүүсү эки сааттан ашык убакытка созулуп, быйылкы жыл башынан берки бешинчи жолугушуусу болду.
Путин Орусия менен Кытайдын тышкы саясаттагы кызматташтыгы туруктуу бойдон калып, эки тараптуу мамилелер өнүгүүсүн улантып жатканын билдирди.
Си Цзиньпин, өз кезегинде, алаканы «шамал менен жамгырга туруштук берген тоого» салыштырып, эки өлкөнүн өнөктөштүгү дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдөн көз каранды эмес экенин айтты.
Си Цзиньпин менен сүйлөшүүгө чейин Путин АТЭСтин бизнес-саммитинде сөз сүйлөп, Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын жана орус энергоресурстарынан баш тартуунун кесепеттерине ыңгайлаша албай жатканын айтты. Анын пикиринде, бул жагдай Европа өлкөлөрүнүн өнөр жай мүмкүнчүлүктөрүнө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө таасир этүүдө.
Путин ошондой эле Азия-Тынч океан аймагындагы өлкөлөр азыр Орусиянын тышкы соода жүгүртүүсүнүн жарымынан көбүн түзөрүн белгилеп, Москва 2035-жылы АТЭСке төрагалык кылууга ниеттенип жатканын билдирди.
АТЭС саммити Шэньчжэнде 18-19-ноябрда өтүүдө. Иш-чаранын соңку күнү Владимир Путин, Си Цзиньпин жана АКШ президенти Дональд Трамптын алгачкы үч тараптуу жолугушуусу пландалууда.
The Wall Street Journal басылмасынын маалыматына караганда, Путин Украинадагы согушту Москва үчүн ыңгайлуу шартта токтотуу маселесин талкуулоого кызыкдар. Ал эми Украина жана анын европалык өнөктөштөрү Киевдин катышуусусуз тынчтык боюнча макулдашуулар болбошу керек деп эсептешет.
Маалыматтарга караганда, Трамп сүйлөшүүлөрдө негизинен өзөктүк куралдануу маселесин көтөрүүнү көздөөдө. Financial Times басылмасы болсо Орусия, Кытай жана АКШ үч тараптуу жолугушуунун күн тартибин алдын ала макулдашпаганын жазды.