ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:07

Бишкекте тергөө абагы шаар сыртына көчүрүлөт

 №21 тергөө абагы. (архив)
№21 тергөө абагы. (архив)

Бишкектин борборундагы №21 тергөө изолятору (СИЗО-1) Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Төмөнкү-Норус айылына көчүрүлөт.

Жаңы мекеменин ачылышы 25-ноябрда өтөт. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) "Азаттыкка" билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө абагын шаардын борбордук бөлүгүнөн сыртка чыгаруу 2022-жылдын 31-мартында бекитилген жол картасынын алкагында ишке ашырылып жатат. Жаңы тергөө абагы ЖАМКнын мурдагы №50 мекемесинин аймагында жайгашат, ал 1500 орунга ылайыкталган.

Мекеменин аймагында кызматкерлер үчүн 48 батирлүү турак жай комплекси, спорт залы, ачык спорт аянтчасы жана кызматтык автоунаалар үчүн токтотуучу жай менен кошо курулган.

Жаңы тергөө абагынын ишке берилиши жаза аткаруу тармагынын инфратүзүмүн жаңылоого, материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана коопсуздук талаптарын камсыз кылууга багытталганы айтылды.

Бишкектин борборунда жайгашкан №1 тергөө абагы 1943-жылдан бери иштеп келген.

Пенитенциардык тармактагы реформаларга ылайык, Бишкек шаарындагы №47 колония былтыр башка жакка көчүрүлгөн, анын ордуна "Мурас" деп аталган чоң, көп кабаттуу үйлөрдөн турган турак жай комплекси курулган.

2024-жылы Жалал-Абад шаарынын ичиндеги №10 жаза өтөө колониясы Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагына жайгаштырылган.

Бишкектеги №1 тергөө абагын, Ош шаарынын борборундагы №5 тергөө абагын жана Каракол шаарындагы базарга катар жайгашкан №3 тергөө абактарын шаар сыртына көчүрүүгө атайын жер тилкелери бөлүнгөн.

Жаза аткаруу кызматы учурда аларды көчүрүү боюнча долбоордук-сметалык иш кагаздар даярдалып жатканын, бул үчүн бюджеттен 26 млн сом бөлүнгөнүн "Азаттыкка" кабарлаган.(ZKo)

​
XS
SM
MD
LG