Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен облусундагы «Кызыл-Кыяк», «Таян», «Сай» жана «Бөжөй» постторунда жарандарды эсепке алуу тартиби коопсуздукту камсыздоо максатында киргизилгенин билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, бул посттор өткөрүү пункту макамына ээ эмес жана бирдиктүү электрондук системага туташтырылбагандыктан жарандар тууралуу маалымат азырынча журналга кол менен катталууда.
«Буга чейин мындай эсеп жүргүзүлбөгөндүктөн жарандардын кийинки сапарларында кыйынчылыктар жаралып келген. Анткени башка өткөрүү пункту аркылуу чыгып, бул посттор аркылуу кайтып келген адамдардын өлкөгө мыйзамдуу кирген-келбегенин кошумча тактоого туура келчү», - деп түшүндүрүштү мекемеден.
Чек ара кызматы кезек күтүү маселесин азайтуу үчүн посттор этап-этабы менен техникалык жабдуулар менен камсыздаларын билдирди. Азыр «Кызыл-Кыяк», «Таян», «Сай» жана «Бөжөй» постторуна күнү-түнү иштеген өткөрүү пункту макамын берүү боюнча өкмөт аралык протоколго кол коюлуп, ратификациялоо жол-жобосу жүрүп жатат.
Ошондой эле мекеме Сох анклавы аркылуу транзит менен өтүүдө жарандарда жарактуу жалпы жарандык паспорт болушу керектигин, ал эми 18 жашка чейинки балдар үчүн ата-энесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу талап кылынарын эскертти.
Буга чейин Баткен районундагы Алтын-Бешик айыл аймагынын тургундары «Азаттыкка» кайрылып, Сох анклавы аркылуу район борборуна каттаганда чек ара постторунда узун кезек жаралып жатканын билдиришкен. Алар ошондой эле айрым посттордо бастырма жана түнкү жарык жок экенин айтып, шарттарды жакшыртууну өтүнүшкөн.
Баткен районунун жогорку аймагындагы ондон ашык айылдын тургундары район борборуна негизинен Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу өткөн транзиттик жол менен катташат. (JsA)
Шерине