ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:35

Кара-Суу: Соодагерлердин митинги, талаш жараткан маселелер

Кара-Суу. 2026-жылдын 18-ноябры.
Кара-Суу. 2026-жылдын 18-ноябры.

Кара-Суу шаарындагы "Туратали" базарынын соодагерлери соода орундары үчүн ижара акысынын кымбатташына нааразылыгын билдирүүдө. Алар бүгүн, 18-ноябрь күнү Кара-Суу шаардык администрациясынын алдына чогулушту.

Кара-Суу районунун акими Чыңгыз Бапаев чыгып чогулгандардын сөзүн укту. Ал маселе менен тааныш экенин айтып, аны борбордук бийлик менен чечүү үчүн бир күн убакыт берүүнү суранды.

"Бул маселе биздин компетенцияда эмес. Мен чечип бере албайм. Бишкек менен сүйлөшөлү. Эртең саат 12ге ушул жерге келип бергиле, мен сиздерге айтып коеюн, бүгүн эч ким жетишпейт", - деди аким.

Бирок соодагерлер базарды күн сайын жаап келүүгө мүмкүнчүлүктөрү жоктугун белгилеп, каршылыгын билдиришти.

Айрым соодагерлердин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бүгүн базар ачылган эмес. Алардын маалыматы боюнча, ижара акысы 20 миң сомго чейин көтөрүлөрү тууралуу айтылган.

Базарда эмгектенген Жеңишбек Мамбетов "Азаттыкка" соодагерлердин көбү бул жерде иштегенине 20-30 жыл болгонун, мамлекетке өткөндө абдан сүйүнүшкөнүн айтып, бирок андан кийин төлөмдөр дароо 100 пайызга жогорулаганын билдирди:

Жеңишбек Мамбетов
Жеңишбек Мамбетов

"Мурда 4100-4200 сом төлөсөк, азыр дээрлик 8700-9000 сом төлөп калдык. Бул эки эсеге көбөйгөнү. Мындан тышкары патент үчүн 8 миң сомдон ашык төлөйбүз. Ага кошумча Соцфондго, коммуналдык кызматтарга, электр энергиясына кеткен чыгымдарды кошкондо айына 20 миң сомдун тегереги болуп жатат. Айрымдар соода орундарын ижарага алышат, алар дагы 300-400 доллардан төлөшөт. Көпчүлүгүнүн насыясы бар. Мындай шартта кредиттерин төлөй албай калышат. Мындай улана берсе, соодагерлердин иштөөсү кыйындайт. Мурда келишимдин баасын 5 миң сомго көтөрүшкөн. Азыр болсо жаңы келишим бербей туруп эле төлөмдү 50 миң сомго чейин жогорулатып жатышат. Элди колдоонун ордуна алардын көйгөйлөрүн ого бетер көбөйтүп жатышат. Ошондуктан биз, соодагерлер, президентке, мамлекет башчысына кайрылабыз".

Мамбетов бүгүнкү акцияга чыккандар маселенин чечилишин, мурдагы шарттарды сактап берүүнү, кеминде дагы 5-10 жылга мораторий киргизилсе жакшы болмоктугун өтүнгөнүн кошумчалады.

"Эч ким жыргаганынан базарга чыккан жок. Бүгүнкү күндө адамдардын 90 пайызга жакыны соода менен алектенип калды. Анткени башка айласы жок. Завод-фабрикалар, туруктуу жумуш орундарын түзгөн ири ишканалар жетишсиз", - деди ал.

Соодагерлердин дагы бири контейнерлерди кезинде өз акчасына, 10 миң доллардан баштап 70-80 миң долларга чейинки баага сатып алганын айтты:

"Бирок жаңы келишимде ошол контейнерлердин ээлеринин укугу такыр каралган эмес экен. Бул эмне деген көрүнүш? Бизге бул контейнерлерди эч ким бекер берген эмес. Айрымдарыбыз Орусияда, айрымдарыбыз Казакстанда иштеп, мээнетибиз менен акча таап сатып алганбыз. Биз жыл сайын патентти өз убагында төлөп, жер акысын да кечиктирбей берип келгенбиз. Анда эмне үчүн контейнерлерибизге болгон укугубуз чектелип жатат? Экинчи маселе - жер акысынын кескин көтөрүлүшү. Контейнерлердин көлөмү ар кандай, кээ бир соода орундарында экинчи кабат да пайдаланылбайт. Бул контейнерлерди адамдар насыя алып, чет жерде иштеп жүрүп сатып алышкан. Үчүнчүдөн, адамдык мамиле жетишпей жатат. Ушул убакытка чейин администрациядан бир дагы өкүл келип, соодагерлер менен жолугуп, жагдайды түшүндүрүп же жакшы сөз айткан жок. Биз расмий маалыматтан көрө ар кандай ушак-айыңдарды көбүрөөк угуп жатабыз".

Түштөн кийин Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Кара-Суу шаарына барып, нааразылыкка чыккан соодагерлер менен жолугушту.

Ал базардагы соодагерлер төлөөчү төлөмдөр өзгөрбөй турганын билдирди:

Каныбек Туманбаев
Каныбек Туманбаев

"Түшүнбөстүк болуптур. Түшүнбөстүк кылган кызматкерлер болсо мен сиздерден кечирим сурайын. Мен бүгүн ушул маселени түшүндүрүп берүү үчүн келдим. Базардын баасы боюнча. Эки кабат контейнериңер болобу кампасы менен, ошол төлөмдөрдүн баары өзүңөр иштетип жаткан чыгымдарга эле кетет төлөп келаткан акчаңар. Эч кандай көтөрүү деген маселе болбосун бул жерде. Жер салыгын, күзөткө, таштандыга төлөп келатасыңар, ошол боюнча эле кете берет".

Өзүн Азамат деп тааныштырган соодагер "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Туманбаев аларга базардагы ижара акысы кымбаттабай турганын айтты:

"Президенттин тапшырмасы менен шашылыш учуп келгенин, бир аз түшүнбөстүктөр менен соодагерлерге туура эмес маалымат берилип калганын айтты. Ал базардагы соода орундарына ижара акысы көтөрүлбөй турганын, шайлоодон кийин да өзгөрбөй турганын билдирди".

Оштогу “Туратали” деген ат менен таанылган Кара-Суу базары октябрь айынын башында Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыял” мамлекеттик ишканасынын курамына кошулган.

Кара-Суу базарынын Фейсбуктагы баракчасына чыккан маалыматта буга чейин түзүлгөн ижара жана башка келишимдер күчүн жоготуп, соодагерлер 10 календардык күндүн ичинде жаңы ижара келишимдерин түзүшү керектиги айтылган.

Кара-Суу базары 1984-жылы түптөлүп, ошол кездеги Киров колхозунан атайын 12 гектар жер бөлүнүп берилген. Базар 1987-жылы ал убактагы Кыргыз керек-жарак коомуна, өлкө эгемен болгондон кийин Ош облустук керек-жарак коомуна өткөн. 1990-жылдардын башында өкмөт аны өзүнө кайтарып алган.

Соттошуулар ошондон тартып башталып, араздашуу ырбаган. Облустук керек-жарак коому базардын жерин “Кыргыз соода биримдигине” саткан.

Мүлк фонду базарга Керек-жарак коомунун ээлик кылууга укугу жок болгонун жүйө келтирип келген.

  • 16x9 Image

    Нургелди Каныбек уулу

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. 2022-жылы Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Улан Эгизбаев атындагы журналисттик иликтөөлөр сынагынын сыйлыктарын алган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Даткабек Шабданбек уулу

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

​
XS
SM
MD
LG