ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:08

Бишкекте жол тескөөчүнү унаасы менен сүйрөп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголду

Бишкекте милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн деген шек менен 1991-жылы туулган К.С. аттуу айдоочуга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИБ) билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 4-бөлүгү («Бийлик өкүлүнө же коомдук тартипти сактоо милдетин аткарып жаткан башка адамга каршылык көрсөтүү менен коштолгон бейбаштык») менен кылмыш иши козголду. Учурда окуянын жагдайларын аныктоо үчүн тергөө амалдары жүрүп жатат.

Айдоочу райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Ал башкарган «Тойота Королла» үлгүсүндөгү автоунаа атайын айып короого токтотулган.

ШИИБ милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткаруу милдеттүү экенин эскертип, аларга баш ийбөө жана кызматкерлерге карата мыйзамсыз аракеттер мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келерин билдирди.

Социалдык тармактарда Бишкек көчөлөрүнүн биринде айдоочу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкеринин талабына баш ийбей, инспекторду унаасынын капотунда сүйрөп кеткени тартылган видео тараган.(ZKo)



​
XS
SM
MD
LG