"Баламды бычактаган адамга ырайым берилбесин"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Президент Садыр Жапаров Сокулукта эл менен жолукканда Нуркыз Шейшенкулова 19 жылга соттолгон күйөөсүнө ырайым сураган. Мамлекет башчысы бул өтүнүчтү комиссия карап көрөрүн айткан. Видеону көргөн маркумдун апасы буга нааразы экенин жашырган жок. Ал 2017-жылы киши колдуу болгон уулунун өлүмүн эскерип, соттолгон адамга ырайым берилбеши керек деп эсептейт.