Президент Жапаров "Түндүктөн" талапкерлерге кол топтоого көмөктөшүүгө үндөдү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана президенттикке ат салышууга ниеттенгендер. 18-ноябрь, 2026-жыл.

Президент Садыр Жапаров жарандарды «Түндүк» тиркемеси аркылуу президенттикке ат салышууга ниеттенгендерге кол топтоого жардам берүүгө чакырды. Ал 30 миң кол топтой албай жаткандарды колдоону өтүнүп, электрондук кол коюу шайлоодо добуш берүү эмес экенин белгиледи.

Мамлекет башчы мындай кайрылуусун 18-ноябрда президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген жарандар менен жолугушкандан кийин жасады.

«Ошондуктан мен сиздерден кайсы талапкердин кол топтоо эсеби 30 миң добушка жетпей жаткан болсо, “Түндүк” аркылуу добуш берип, жардам берип коюшуңуздарды көптөн-көп суранамын», — деди Жапаров.

Президенттин айтымында, «Түндүк» аркылуу кол коюу талапкердин шайлоого катышуусуна жол ачкан алгачкы баскыч. Ал жарандарды бардык талапкерлердин программалары менен таанышып, сунуштарын салыштырууга жана шайлоо күнү өз тандоосун жасоого үндөдү.

«“Түндүктөн” кол коюу - добуш берүү эмес. Талапкерлердин шайлоого катышуусуна жол ачкан алгачкы баскыч гана. Ар бир талапкердин программасын угуңуздар, сунуштарын салыштырыңыздар, терең талдоо кылыңыздар. Ал эми ким президент болорун шайлоо күнү өзүңүздөр чечесиздер», — деп айтылат кайрылууда.

Жапаров ошондой эле алдыдагы президенттик шайлоодо бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүшү керектигин билдирип, административдик ресурсту колдонууга жол берилбей турганын белгиледи.

Ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге кайрылып, өзүнүн шайлоого катышып жатканы аларды жеке өзүнө иштөөгө милдеттендирбей турганын айтты.

Буга чейин Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берген жарандар менен жолукканы маалым болгон.

Бул тууралуу «Азаттыкка» жолугушууга катышкан Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев жана Аймен Касенов билдирген.

Сооронкулованын айтымында, жолугушууда талапкерлер кол топтоо учурунда туш болгон кыйынчылыктарды, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлердин аларды колдоодон чочулап жатканын айтышкан.

Ал жолугушууга БШКга арыз берген Бакыт Калмаматов менен Сыймык Жапыкеевден башка сегиз жаран катышканын билдирген.

Исхак Масалиев президент шайлоо өнөктүгүн негизинен онлайн форматта жүргүзүүгө ниеттенип жатканын айтканын белгилеген. Ал эми Аймен Касенов Жапаров талапкерлерди бири-бирине жеке асылбоого чакырып, административдик ресурс колдонулбай турганына убада бергенин билдирген.

Буга чейин Жапаров президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, мамлекеттик тил боюнча тесттен өтпөй калган коомдук-саясий ишмер Өмүрбек Суваналиев жана Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев менен да жолуккан.

БШКга президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, 11 адам арыз берген. Алардын арасында Садыр Жапаров өзү да бар.

Талапкерлердин кол топтоо жараяны 8-декабрга чейин уланат. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.

Дагы караңыз

Орусиянын Одессага соккусунан үч адам каза болдуКытайда Си менен Путиндин жолугушуусу өттүПрезиденттик шайлоого катышууга арыз бергендер  Жапаров менен жолугушту