Президенттик шайлоого карата чет өлкөлөрдө алгачкы 74 добушкана түзүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) чет мамлекеттерде алгачкы 74 шайлоо участогун түздү.

БШКнын 20-ноябрдагы жыйынында маалымдалгандай, Орусияда 20, Түркия менен Казакстанда 6дан, АКШда 5 шайлоо участогу ачылды.

Түштүк Корея менен Италияда 3төн, Өзбекстан, Германия, Кытай жана Бириккен Араб Эмирликтеринде 2ден шайлоо участогу түзүлдү.

Калган 23 шайлоо участогу Австрия, Чехия, Словакия, Польша, Улуу Британия, Беларус, Литва, Венгрия, Бельгия, Франция, Швейцария, Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар, Египет, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Малайзия, Пакистан, Индия, Жапония жана Монголияда уюштурулду.

Бүгүнкү күнгө карата 33 өлкөдө шайлоо участкалары түзүлдү. БШКнын маалыматына караганда, жаңы участкаларды ачуу иштери уланууда.

Президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, БШКга 11 адам арыз тапшырган. Алардын арасында азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаров да бар.

Талапкерлер үчүн кол топтоо жараяны 8-декабрга чейин уланат.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган. (КЕ)

Дагы караңыз

"Азаттыктын" президенти Лиза Көртис Астанада жана Бишкекте бир катар жолугушууларды өткөрдү“ЭлКат” Кыргызстанга интернет-трафикти жеткирүүчү жалгыз компания болдуАКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Гиллен кызматына расмий кириштиМолдалиевдин апасы президенттен уулун үй камагына чыгарып берүүнү суранды