Бишкектин четиндеги тик учак кырсыгына байланыштуу мурдагы эки командир камакка алынды

Кырсыкка учураган Ми-8МТВ тик учагы.

2024-жылы Бишкектин четинде кулаган Ми-8 тик учагы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Абадан коргонуу бөлүгүнүн мурдагы башчысы Кылычбек Айдаралиев жана авиабазанын мурдагы командири Данияр Давитахунов камакка алынды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 21-ноябрда алардын бөгөт чарасын карап, 19-декабрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин "Учуу же аларга даярдык көрүү эрежелерин бузуу" (401-берененин 3-бөлүгү) беренеси боюнча шектелип жатышат.

Кармалгандардын жактоочулары жана жакындары комментарий бере элек.

2024-жылы 17-январда Бишкектеги “Фрунзе-1” авиабазасында машыгуу учурунда Ми-8МТВ аскердик тик учагы кулаган. Кырсыктан экипаждын командири, 29 жаштагы Жайыл Самудинов каза тапкан.

Коргоо министрлиги бортто жалпы 11 киши болгонун кабарлап, калгандары ооруканада дарыланып жатканын билдирген. Окуя боюнча кызматтык териштирүү башталып, бир нече кызматкер жумуштан убактылуу четтетилген.

Факт боюнча кылмыш ишин Аскер прокуратурасы козгогон. (КЕ)

Дагы караңыз

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Гиллен кызматына расмий кириштиВашингтон Украинадагы согушту токтотуунун эки жолун талкуулап жатканы кабарландыӨКМдин мурдагы борбор башчысы Эгембердиев камакка алындыКривой Рогдо жабыркагандар саны алтымышка чамалады, арасында балдар бар