Өзбекстан мекенине кайтарылууга тийиш болгон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн убактылуу кармоочу жайларды түзүүнү пландаштырууда. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Долбоорду Ички иштер министрлиги иштеп чыккан.
Документке ылайык, чет элдиктерди убактылуу кармоочу борборлор ИИМдин Миграция жана маалыматтарды аныктоо департаментинин карамагында болот. Мындай жайдын алгачкысын 2027-жылы Ташкентте ачуу пландалууда. 2028-2030-жылдары Самарканд, Бухара, Хорезм, Сурхандарыя жана Фергана облустарында ачуу сунушталууда.
Бул борборлор чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды алардын өздүгү аныкталып, мекенине кайтарылышы үчүн зарыл болгон документтер жол-жоболоштурулганга чейин убактылуу кармоо үчүн пайдаланылат. Ошол эле учурда алардын укук бузууларга же кылмыштарга тиешеси бар-жогу да текшерилет.
Ошондой эле документи жок, өлкөдө жүрүү мөөнөтү өтүп кеткен же соттун чечимине карабастан өлкөдөн чыгып кетпеген чет элдиктер дагы ушул жайларга жайгаштырылат. Борборго жарандар соттун чечиминин негизинде гана жөнөтүлөт жана ал жерде бир жылдан ашык кармалбашы керек. Аларга котормочунун кызматын пайдаланууга, телефон аркылуу байланышууга, туугандары жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү менен жолугууга укук берилет.
Майыптыгы бар жана психикалык оорулары бар адамдар атайын белгиленген жайларга жөнөтүлөт. Документке ылайык, борборлор мамлекеттик бюджеттен, демөөрчүлөрдүн жардамынын эсебинен, эл аралык уюмдардын гранттары жана башка булактар аркылуу каржыланат.