Таласта сегиз киши 26 жаштагы жаранды сабоого шек саналып кармалды

Талас облустук милициясынын имараты.

Талас шаарында 21-ноябрга караган түнү көчөдө бир адамды сабоого шектелип сегиз жаран кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

20-ноябрда болжол менен түнкү 12лер чамасында топ балдар алдын ала даярданып А.Ш. аттуу жаранды көчөдөн кармап, темир, жыгач менен сабаганы аныкталган.

Жергиликтүү милиция тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүп, Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (“Бейбаштык”) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Шектүү катары Талас шаарынын тургундары 1995-жылы туулган Д.Б., А. Д., Б.А., М.К., Ч.Ж., К.А., Ш.А. жана 1994-жылы туулган Н.Т. аттуу жарандар кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Талас шаардык милициясы тергөө иштерин жүргүзүп жатканы маалымдалды.

Мунун алдында социалдык тармактарга Талас шаарында бир кишини топ жарандар кармап, сабап жатканы тартылган видео тараган. Анда белгисиз адамдар темир, жыгач менен катуу сабап жатканын, кийин аны автоунаага салууга аракет кылганын байкоого болот.

Дагы караңыз

ӨКМдин мурдагы борбор башчысы Эгембердиев камакка алындыМурдагы вице-премьердин кеңешчиси болгон Назира Усеналиева алдамчылыкка шектелүүдөӨзбекстан чет элдиктерди убактылуу кармоочу борбор түзүүнү пландоодоАлайда аялын муунтуп өлтүрүүгө шектүү кармалды