Кыргызстанда биологиялык активдүү кошулмаларды (БАК) жарнамалоого чектөө киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты.
Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыяр Калпаев менен Адилет Белеков демилгелеген долбоордо мындай чараларга тиешелүү мамлекеттик мекемелерден каттоодон өтпөй эле БАКтарды жарнама кылгандар көбөйгөнү, мындан улам коомчулуктакаражаттарга ашыкча ишеним пайда болгону негиз келтирилген.
Долбоордун негиздеме-маалымкатында БАКтар 2017-жылга чейин дары каражатына теңдештирилип келсе, кийин тамак-аш категориясына кошулганы менен айрым өндүрүүчүлөр, сатуучулар каражаттарын дагы эле дары-дармек катары сунуштап келгени белгиленген.
“Алар жарнамада ишенимсиз маалыматтарды колдонуп, керектөөчүлөрдө БАК толук кандуу дарылоону алмаштыра алат деген жалган түшүнүк жаратат. Социалдык тармактардагы жана интернеттеги жарнамаларды талдоо көрсөткөндөй, БАКтарды жайылткан көптөгөн компаниялар жана дүкөндөр керектөөчүлөрдү адаштырган ыкмаларды системалуу түрдө колдонушат. Жарнамалык роликтерде жана басма материалдарда ак халат кийген адамдар, медициналык шаймандар кеңири колдонулуп, көрүүчүдө бул продукция медициналык кызматкерлер тарабынан жактырылган деген таасир калтырат”.
Мындан тышкары БАКтардын жарнамасында диний сөздөр, символдор колдонулуп, ал аркылуу керектөөчүлөрдү манипуляциялоо аракети бар экени жазылган.
Мындан улам депутаттар мамлекеттик каттоодон өтпөгөн биологиялык активдүү кошулмаларды жарнамалоого тыюу салууну сунуштоодо. Ошондой эле БАКтарды дары-дармек катары мүнөздөп, кайсы бир оорулардан айыктырат деген мазмунда жарнамалоого да болбойт. Медицина кызматкерлеринин образын пайдаланууга, диний атрибуттарды жана символдорду колдонууга да тыюу салынат.
Кыргызстанда соңку жылдары биологиялык активдүү кошулмалардын түрлөрү көбөйдү. Аларды социалдык тармактарда ар кандай форматта жарнамаланып келет.
Кыргызстанда 2013-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча, дарыгерлер, медициналык кызматкерлер биологиялык активдүү кошулмаларды жарнамалап, бейтапка сатууга тыюу салынган.