Бишкекте жаңы ат майдандын курулушу башталды

Бишкек шаарында жаңы ат майдандын курулушу башталды.

Бишкек шаарында 35 миң көрүүчүгө ылайыкташкан ат майданынын курулушу башталды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдиргендей, долбоордо ат чабыш жана жарыштарынын башка түрлөрүн өткөрүүгө 10 миң кишиге ылайыкташкан ипподром, мындан тышкары көк бөрүгө ыңгайлашкан 25 миң орундуу арена куруу каралган.

21-ноябрда шаар мэри Айбек Жунушалиев долбоор менен жеринде таанышып, жаңы комплексти бардык талаптарга шайкеш кылып ишке ашырууну тапшырган.

114 гектар аянтты ээлеген комплексте заманбап мелдеш жана машыгуу жайлары, жылкыларды багуу жана тейлөө орундары, эс алуу, соода-сатык жана автоунаа токтотуучу жайлар болот.

Жаңы ат майдан Сокулук районундагы Белек айылына жакын жерде жайгашат.

Бишкек шаарында жайгашкан, аянты 45,73 гектар болгон “Аккула” ат майданы 2024-жылы сатыкка коюлуп, баштапкы баасы 8,7 миллиард сомдон баштап аукционго чыгарылган. Кийин мэрия бул жерди “РЦА Ливинг” жоопкерчилиги чектелген коомуна 49 жылга ижарага берүү боюнча келишимге кол койгон.

“РЦА Ливинг” жер тилкесин пайдалануу үчүн шаардык бюджетке 5,8 млрд сом төлөйт. Бишкекке 3,5 млрд сомго үч мектеп, үч бала бакча, үч сейил бак, тротуар куруп берет. Шаар бюджетине жалпы 10 млрд сомго чейин каражат түшөрү пландалган.

Дагы караңыз

Татьяна Ким Евробиримдиктин санкциясына илингенден кийин Wildberries'тин жетекчилигинен кетти "Азаттыктын" президенти Лиза Көртис Астанада жана Бишкекте бир катар жолугушууларды өткөрдүЕвробиримдик "сүйлөшүүлөргө толук катышуу шарты менен" өкүлдөрүн Москвага жөнөтүүгө даярТаласта сегиз киши 26 жаштагы жаранды сабоого шек саналып кармалды