Украин дрондору үч орусиялык мунай ишканасына сокку урду

Иллюстрация.

Дүйшөмбүгө караган түнү украиналык дрондор Татарстандагы "Калейкино" мунай айдоочу станциясына, Ростов облусундагы Новошахтинск мунайды кайра иштетүүчү заводуна жана Перм аймагындагы "Лукойл-Пермнефтеоргсинтез" заводуна сокку урду.

Бул объектилерге чабуулдар тууралуу согушка байкоо жүргүзгөн украиналык каналдар жазышты.

Татарстандын башчысы Рустам Миннихановдун басма сөз кызматы украиналык учкучсуз аппараттар Альметьевскинин жанындагы мунай сактоочу резервуарларга чабуул жасаганын, ал жерде бир нече объект жабыркаганын ырастады. Бийлик кайсы объектилер экенин тактаган жок. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолорду изилдеген Astra Телеграм-каналы дал ушул "Калейкино" мунай айдоочу станциясы күйүп жатат деген бүтүмгө келди.

"Калейкино" мунай айдоочу станциясы Орусиянын магистралдык куур системасындагы ири түйүн болуп саналат. Станцияда Батыш Сибирь, Татарстан, Удмуртия жана Башкырстандан келген ар кандай сорттогу мунай сакталып, аралаштырылат.

Андан соң магистралдык мунай куурлар системасы аркылуу, анын ичинде "Дружба" мунай кууру менен жөнөтүлөт. Бул станцияга Украинанын Куралдуу күчтөрү буга чейин да чабуул жасаган, акыркысы 19-ноябрга караган түнү болгон.

Ростов облусунун башчысы Юрий Слюсарь аймакка чабуул жасалганын ырастады, бирок Новошахтинск мунай заводуна сокку урулганын түз айткан жок. Ал Красносулин районунда - завод жайгашкан жайда "учкучсуз учуучу аппараттардын сыныктары чачырап, " өрт чыкканын жазды. Губернатордун айтымында, түн ичинде аймактын үстүнөн 80 учкучсуз аппарат атып түшүрүлүп, жок кылынган.

Мындан тышкары, согушка байкоо салган каналдар Пермь крайындагы "Лукойл-Пермнефтеоргсинтез" мунайды кайра иштетүүчү заводуна чабуул жасалганын кабарлашууда. Exilenova+ ишкананын аймагында өрт чыкканын жазды. Социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөрдөн өрт бир нече жерде тутанганын көрүүгө болот.

Аймактын губернатору Дмитрий Махонин учкучсуз аппараттардын чабуулунун мизи кайтарылып жатканын, өнөр жай объектиси жабыркаганын билдирди.

Кийинчерээк Махонин "кол салуунун натыйжасында өнөр жай аянтчаларындагы бир нече объект жабыркаганын", бир адам каза таап, экөө жараат алганын жазды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Брянск, Белгород, Воронеж, Волгоград, Киров, Орлов, Пенза, Ростов, Саратов, Самара, Тамбов, Ульяновск облустарынын, Краснодар крайынын, Пермь крайынын, Татарстандын, Башкырстандын жана аннексияланган Крымдын аймактарынын үстүнөн 192 украиналык учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Дагы караңыз

Манас шаарындагы өрттөн эки киши каза болдуИИМ 2023-жылдан бери чет өлкөдө издөөдө жүргөн 184 жаран кармалганын билдирдиМинистр Чыныбаев Амир Кунакуновдун өлүмүнө "адам фактору" себеп болгонун билдирди16 жашка чыга электерге электр чыгырыктарын тебүүгө тыюу салуу сунушталды